Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов фотограф-фрилансер Михаил Дудиндин жасаган эмгегин баалап, энчилүү кол саатын белекке берди
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов фотограф-фрилансер Михаил Дудиндин жасаган эмгегин баалап, энчилүү кол саатын белекке берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дудин Бишкектин кооз жерлерин асмандан дрон менен тартууга кызыгат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов фотограф-фрилансер Михаил Дудиндин жасаган эмгегин баалап, энчилүү кол саатын белекке берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

​"Бүгүн калаа башчысы Азиз Суракматов Михаил Дудинге шаарга болгон өзгөчө сүйүүсү жана көз жоосун алган сүрөттөрү үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Дудин (@mikedudin)

Михаил Дудин Бишкектин кооз жерлерин асмандан дрон менен тартууну жактырат. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинде программист болуп иштеп, мекеменин өнүгүшүнө өз салымын кошкон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Михаил Дудин (@mikedudin)

Дудин SputnikPro эл аралык программасынын алкагында Минск шаарында дрондон кантип сүрөткө тартуу керектиги тууралуу мастер-класс өткөн. 2018-жылы анын тарткан сүрөттөрү "Бишкекке 140 жыл" аттуу китепке чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0