Алмамбетова: Бишкекте быйыл тогуз жаңы сквер пайда болот

© пресс-служба мэрии города БишкекРуководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова
Руководитель пресс-службы мэрии Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова быйыл борбор калаада тогуз чакан сейил бак куруларын айтты.
Алмамбетова: Бишкекте быйыл тогуз жаңы сквер пайда болот

Жаңы пайда болчу скверлердин алгачкысы Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде пайдаланууга берилди. Анын курулушуна бир миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сейил бактын курулушуна шаар бюджетинен эки миллион сом каралган. Бирок мэрия курулуш иштерин каражаттын тең жарымын үнөмдөө менен жасаган.

"Бишкек мэриясы быйыл борбор калаада жалпысынан тогуз скверди пайдаланууга берүүгө камынып жатат. Алардын алгачкылары Алматы менен Медеров жана Анкара менен Виноградный көчөлөрүнүн кесилиштеринде ачылды. Аталган сквер этностилде жасалды. Алардын дизайнын биздин жаш дизайнер кыздар жасап чыгышты",— деди Алмамбетова.

Ал аталган скверлерге селкинчектер же отургучтар жана чакан машыгуучу инструменттер орнотуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0