Премьер-министр Абылгазиевдин "майлуу" кызматтагы агасынын өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина с портфелем в резиденции Президента Кыргызской Республики.
Мужчина с портфелем в резиденции Президента Кыргызской Республики. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат буга чейин премьер-министрдин бир тууган агасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин майлуу-сүттүү жеринде иштейт деген маалымат айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өкмөткө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин агасы — Азиз Абылгазиевдин өмүр баянын беришти.

Буга чейин ЖК депутаты Рыскелди Момбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин агасы Саламаттыкты сактоо министрлигинде майлуу жерде жетекчи болуп иштейт деген маалыматты билдирген. Ал эми ага чейин бажасы менен анын уулу боюнча чыр чыккан.

Азиз Абылгазиевдин резюмеси:

    Азиз Абылгазиев 1962-жылы Кочкор районунда  туулган. 

  • 1979 – 1980 — Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылындагы Комсомол совхозунда жумушчу;
  • 1980 – 1982 — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн (Москва);
  • 1984 – 1987 — Саламаттыкты сактоо министрлигинин Башкы дарыкана башкармалыгынын Борбордук дарыкана кампасынын кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 1987 – 1993 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун студенти;
  • 1993 — Сокулук районундагы №217 дарыкананын провизору;
  • 1993 – 1994 — "Кыргызфармация" мамлекеттик концернинин Дарыкана кампасынын борбордук бөлүмү;
  • 1994 – 1995 — Сокулук районундагы № 217 дарыкананын жетекчиси;
  • 1995 – 1998 — Сокулук районундагы "Бермет" жеке ишканасынын жетекчиси;
  • 1998 – 2003 — Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын Медтехникалар жана дары-дармектер департаменти инспекция бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2003 – 2005 — "Медфарм" биргелешкен ишканасынын директорунун орун басары;
  • 2005 – 2010 — КРдин Баңги заттарына көзөмөл кылуу боюнча мамлекеттик агенттиктин инспектору;
  • 2005 – 2010 — КРдин Баңги затты көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башкы инспектору;
  • 2010 — Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу кызматынын башкы адиси;
  • 2010 — Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын лицензиялоо бөлүмүнүн башкы инспектору;
  • 2010 – 2013 — Баңги затты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын лицензиялоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2013 – 2017 — Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын башкы адиси;
  • 2017-жылдан тартып Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык техника департаментинин Баңгизатты мыйзамдуу түрдө айлантуу башкармалыгынын жетекчиси.

Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу Азиз Абылгазиевдин таржымалын карап туруп эле өмүр бою бул тармакта келе жатканын, премьер-министр бир тууганынын анын кызматына эч кандай тиешеси жок экенин түшүнсө болорун белгиледи.

Өкмөт башчынын туугандарына тиешелүү чуулар

Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Маяна чуусунан кийин "КТ Мобайл" жетекчилиги отставкага кетти
"КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө лицензия алган. Компания ишин баштабай жатып эле мамлекетке 170 миллион сом карыз болуп калган. Аталган ишкананын айланасындагы чуу 2019-жылдын май айында тутанып, социалдык тармактарга компаниянын башкы директору Нурбек Мукамбетов 350 миң сом айлык алары, орун басары Эрназар Рысалиев (Иманкадыр уулу) 300 миң сом алары боюнча маалыматтар тараган. Эрназар Иманкадыр уулу мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиевдин баласы экени белгилүү болгон. Ал эми Рысалиев премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы.

Абылгазиевдин сунушу менен Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан четтеп, анын артынан эле компаниянын жетекчиси отставкага кеткен.

Ал арада аталган компаниянын ишмердүүлүгүн Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да текшерип жатат.

"КТ Мобайл" чыры боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп жатканын билдирген. Ал тургай "үй-бүлө, балдарыңды кара" дегенин айткан. Жамангуловдун айтымында, Рысалиев мындай жол менен "КТ Мобайл" ишканасын ишке киргизүү үчүн каражат которуусун талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0