Эмбриологиялык борборунун кызматкери. Архивдик сүрөт

Бойго бүтүрүүнүн ЭКУдан да башка түрү бар. Адис менен маек

3358
(жаңыланган 18:37 18.05.2019)
Репродуктолог Абдурашид Юнусовдун бейтаптарынын бири жакында төрт эм төрөгөн. Дарыгердин айтымында, 27 жаштагы келинге алар жасалма уруктандыруунун стимуляция ыкмасын колдонушкан.

Төрт эмдүү болгон келиндин дарыгери, репродуктолог Абдурашид Юнусов Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандагы ЭКУ (экстрокорпоралдык уруктандыруу) жолу менен төрөө, андагы кыйынчылыктар жана ага кайрылган бейтаптардын негизги көйгөйлөрүн айтып берди. 

Репродуктолог Абдурашид Юнусов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Репродуктолог Абдурашид Юнусов

— Жакында эле төрт эм төрөгөн Нурайым Рысмат кызы сизге кайрылып, көрүнүп жүрүп боюнда болгонун айтты эле. Бирок ЭКУ эмес, башка ыкма колдонду деп жаткан...

— Ал келин мен Бишкектеги репродукция борборунда иштеп жүргөн кезде кайрылып калды. Төрт жылдан бери боюнда болбой жүрүп, "көрүнбөгөн дарыгерим калган жок" деп акыры бизге келиптир. УЗИден текшерип, анализдерин алсак айыз циклинде өзгөрүү болуп, бузулуптур. Аны медициналык тил менен айтканда, "поликистоз яичников" деп коет. Мындай диагноз коюлган аялдардын 9 айлап айызы келбей калат, ошол эле учурда боюна да бүтпөйт.

Жакында эле ушундай диагноз менен эки аял кайрылды. Негизи мындай илдети барлар дайыма дарыгердин каттоосунда болушу керек.

Нурайымдын диагнозун аныктап алгандан кийин дарылоого өттүк. Мындай диагноз коюлган бейтапты дарылоонун үч ыкмасы бар. Биринчиси — операция, экинчиси — ЭКУ, үчүнчүсү — стимуляция. Бейтап "эң жеңил ыкмасын колдонуңуздар" деп суранганынан, стимуляция ыкмасы менен боюна бүтүрдүк. Башында эгиз деп көрсөтүп жаткан, андан кийин төрт эм болуп чыкты.

— Стимуляция ыкмасы кандай болот? Ал деле ЭКУ сыяктуу жасалма уруктандыруубу?

— Ооба, ЭКУга эле окшош, жасалма уруктандыруу. Бирок мында доза азыраак болот. Мисалы, ЭКУда 10-15 клетка алынса, стимуляцияда аялдан эки же ашып кетсе үч клетка эле алынат.

— 10-20-жылдап балалуу боло албай жүргөн келиндерди, эжелерди билем. Аялдардын төрөй албай жаткан себеби көбүнчө эмнеден болот?

— Ар кимдики ар кандай. Көпчүлүк учурда бизге "турмушка кеч чыккам" деген жашы ортолоп калган аялдар кайрылат. Күйөөгө кеч тийүү да аялдын согончогу канабай калышынын бир себеби. Албетте, эрте күйөөгө тийгиле деп үндөбөйм, бирок убакытты өткөрбөй турмуш курган оң. Мындан сырткары, төрөттөрдүн ортолору да өтө алыс болбош керек. Айрымдары бир баласын төрөп коюп, 10-15 жылдан кийин "боюмда болбой жатат" деп келет. Ортолору алыс болгондо ар кандай оорулар пайда болуп, андан аялдар кайра төрөй албай кыйналып калат. Ошондой эле сезгенүү, өнөктөштү бат-баттан алмаштыруу да буга себеп. Тукумсуздукка экология, табигый эмес тамак-аш, азык-түлүктөр да таасир этүүдө. Азыркы кезде эркектердин да тукумсуздугу көбөйүп жатат. Мурда балалуу болбой калуунун себебинин 75-80 пайызы аялдан, 20 пайызы эркектен болсо, азыр бул сан теңме-тең, тагыраагы 50X50 болуп калды.

— Мындай учурда жубайлардын экөө тең дарыланышы керек да...

— Ооба. "8-9 жылдан бери эле дарыланып жүрөм, боюма болбой жатат" деп кайрылган аялдар бар. Кантип дарыланып жатканын сурасак, "күйөөм экөөбүз антибиотик ичтик" дейт. Антибиотик бойго бүтүрбөйт да. "Күйөөм макул болбой, жалгыз эле мен ичкем" дегендер дагы бар. Андан эч кандай майнап чыкпайт. Комплекстүү дарылануу керек. Төрөй албай жүргөндөр эң эле биринчи гормонду текшертиш керек, андан кийин жатын түтүкчөсүн, үчүнчү - резус-фактор, кайсы кандын тобуна кирерин билип, төртүнчү - күйөөсүнүн спермасын спермограммага тарттырып, фолликулометриядан өтүүсү кажет. Ушул бешөөнү текшертсе эле эмнеден улам төрөй албай жатканы билинет.

— ЭКУ тууралуу да сурагым келип жатат. Кыргызстанда бул ыкма да кулачын кенен жая баштады көрүнөт.

— Менчик клиникаларда кандай экенин билбейм. Бирок мен иштеп кеткен мамлекеттик делген репродукция борборунда ЭКУ жолу менен төрөтүүгө укмуш деле шарт жок. Ошондой эле күчтүү адистер аз. Айлык акысынын төмөндүгүнөн мыкты адистин көбү кетип калган. Окуудан өтүш үчүн өз чөнтөгүңөн акча чыгарышың керек. Мен дагы айлык акымды азайтып салганынан жумуштан кетүүгө мажбур болгом.

Репродуктолог Абдурашид Юнусов во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Репродуктолог Абдурашид Юнусов

— Азыр кайда иштейсиз?

— Казакстанда. Көрсө, Кыргызстанга караганда Казакстанда ЭКУ арзан экен. Кыргызстанда 2000 доллар болсо, Казакстандын жеке клиникалары 800-900 долларга жасарын билдим. Бизде ЭКУ кымбат, дарыгерлердин айлыгы аз. Ал жакта болсо бул тармактагы адистер 200-300 миң сомго чейин алышат.

Негизи эле бизде бул тармакка мамлекет көп көңүл бурбайт. Чын-чынына келгенде бул социалдык чоң көйгөй. Балалуу боло албай канчалаган бүлө ажырашып, канчалаган аялдар ыйлап жүрөт. "Төрөй албай күйөөм таштап кетти" деп ыйлап келген келиндер мындан көп.

Жаш келиндердин анализи жакшы болуп, күйөөсүнүн спермограммасы дурус чыкса, алар жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу боло алышат.

Жок дегенде мамлекет шартты жакшы түзүп, адистерди даярдап, айлыктарын көбөйтүп койсо көп аял бала жытын искемек. Азыр көбү Казакстанга барып жасатат. Ошондо да акчасы барлар. Биздеги репродукция борборунда ал тургай эмбрионду тоңдуруп койгон аппарат жок.

Мен азыр Казакстанда толугу менен иштебейм. Бишкекте жеке клиника ачкам, ал жактан бейтаптарды кабыл алып, дарылап, анан Казакстанга бир эле күн ЭКУ кылдырганга алып барам. 

— ЭКУ жолу менен согончогу канабай жүргөн аялдын баары эле төрөй бербейт да?

— Себептерине жараша. Кээ бири ЭКУга жетпей эле дарыланып жүргөндө кош бойлуу болуп калат. Бирок көп ооруларга түзмө-түз ушул ыкма сунуш кылынган. Алсак, жатын түтүкчөсү жок болсо, аденемиоз, эндометриоз илдетине кабылганда, күйөөсүнүн спермограммасы жакшы эмес болсо да ЭКУ жолу менен төрөтүүгө туура келет.

— Жасалма уруктандыруу жолу менен төрөгөн келин кийин да балалуу болгусу келсе кандай болуп калат?

— ЭКУ жасаарда 10 клетка алынып, ал беш эмбрион болот. Анын, мисалы, экөөнү салса, калганы тоңдурулат. Кийин төрөйм десе ошол тоңдурулган эмбрион эле салынат. Бирок ал кошумча кызмат болуп акы алынат.

— Маегибиздин башында жашы ортолоп калган аялдар көп кайрылат деп калдыңыз. Негизи канча жашка чейин ЭКУ жолу менен төрөөгө болот?

— Өткөндө 47 жаштагы бир аял кайрылды. Өзү профессор, экономика илимдеринин доктору экен. Дарыланып, ЭКУ кылдырып жакшынакай бир уул, бир кыз төрөдү. Негизи ден соолугу жакшы болсо 52-53 жашка чейин жасалма уруктандыруу жолу менен төрөсө болот.

— Өлкөнүн кайсы аймагынан көп келишет?

— Калк жыш жайгашкан Бишкек, Ош шаарларынан келгендер көптүк кылат.

3358
Белгилер:
уруктандыруу, жасалма, дарыгер, ымыркай, төрөт
Тема боюнча
Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги
50дөн ашканда жалгыз уулуман ажырадым, экинчи аял алсамбы? Армандуу атанын каты