Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек

© Фото / из личного архива Алтынбека КасымбаеваКыргызстанец работающий режиссером и продюсером в Кувейте Алтынбек Касымбаев
Кыргызстанец работающий режиссером и продюсером в Кувейте Алтынбек Касымбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк бренддерге рекламалык ролик тарткан кыргызстандык Алтынбек Касымбаев 13 жылдан бери Кувейтте жашап келет. Ал студент кезинде эле Катардагы эл аралык Al Jazeera телеканалында тажрыйба алганга үлгүрүп, кийин араб телеканалдарында иштей баштаган.

Азыр ал Перс булуңундагы мамлекеттерде режиссёр, продюсер кызматын аркалап келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы мекендешибиз менен маек курду.

— Алгачкы суроо, Кыргызстан менен Кувейттеги журналистиканын кандай айырмачылыгы бар?

— Айырмасы өтө эле чоң. Мен жаштарга жок дегенде бир же жарым жыл четке чыгып жашап көрүп келгиле деп кеңеш берет элем. Анткени өлкөдөн чыкпай эле жашай берсе, ал адамга өз эли, жери жакпай, сындап эле отуруп калат. Мен жумуш менен көптөгөн өлкөлөрдүн айыл-кыштактарына чейин кыдырып, түрдүү элдин жашоо шартын көрдүм. Ошондо кыргыз элин башка улуттарга салыштырып, биздин калк момун экен, айрым элдерге караганда жакшы жашайт экенбиз деп калдым. Перс булуңундагы Катар, Кувейт, Бахрейн, Оман, Сауд Аравия жана Бириккен Араб Эмираттары бири-бирине көпчүлүк жагынан окшош. Ал эми Кувейттеги журналистика тармагы боюнча сөз кылсам, анын аты эле бар, өзү жок. Аларды дүйнөлүк эмес, Кыргызстан менен да салыштырууга кыйын. Ал жакта журналист бийликтин жасаганы боюнча отчёт бере турган кызматкер катары эле саналат. Өкмөттүн сөзүнөн чыкпай, сын деле айта алышпайт, журналистикалык иликтөө жок, мүмкүнчүлүктөр өтө эле чектелүү. Жада калса жөнөкөй эле жарандар оюн ээн-эркин айта алышпайт. Аларга караганда бизде абал бир топ эле жогору. Көп мамлекеттерге барып жүрөм, биздегидей эркиндикти эч жактан көрө элекмин. Мен тааныган бир журналист интернеттен Сауд Аравия менен Бириккен Араб Эмираттарындагы бийликтин айрым иштерин сындай коюп 25 жылга соттолуп кетти. Азыр ал Улуу Британияда качып жүрөт. Сөздүн кыскасы, мамлекет телеканал, газеталарды гана эмес, социалдык тармактарды да көзөмөлгө алып койгон. Журналисттер өкмөттүк чоң маселелерге кийлигише албайт, араб кесиптештер майда-чүйдө иштер менен алек.

© SputnikАлтынбек Касымбаев 13 жылдан бери Кувейтте иштеп, жашап келет
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек - Sputnik Кыргызстан
Алтынбек Касымбаев 13 жылдан бери Кувейтте иштеп, жашап келет

— Ал жакта журналистика бийликтин төртүнчү бутагы деген түшүнүк жок экен да?

— Андай түшүнүк жок. Жергиликтүү элдин каада-салты, аң-сезими, түшүнүгү ошондой болуп калган. Бирок аны "жаман" деп да, "жакшы" деп да айта албайсың. Кувейттиктер бир нече жыл мурун өз башынан согушту өткөргөндүктөн, алар тынчтыкты, туруктуулукту эңсеп турат. Эл өзү эле чыр-чатак кылып көчөгө чыккысы келбейт. Себеби аларга акыркы жылдары коңшу өлкөлөрдө болгон окуялар чоң сабак болду.

— Ошондо Кувейтте сырттан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары жокпу?

— Алар бар. Бирок ал ЖМКлар деле мамлекеттер ортосундагы алаканы бузуп албайлы деп абайлап иштешет.

— Түшүнүктүү. Эми сиз көптөн бери эмгектенген жарнама тармагы боюнча сөз кылалык. Иштеген жериңиз жөнүндө айта кетсеңиз.

— Перс булуңунда биздин рекламалык агенттик эң ири фирмалардын бири болгондуктан акыркы техникаларды колдонот. Башкалар тарта албагандай роликтерди даярдоого аракет жасайбыз. Өзгөчөлөнүш үчүн дрондун, камеранын, крандын түрлөрүн колдонобуз. Антпесең башкалардыкындай эле болуп калат. Андан сырткары, акча каражатын аябастан аянтчаны кино тартчудай эле жасап чыгабыз.

© Фото / из личного архива Алтынбека КасымбаеваКыргызстандык Перс булуңундагы эң ири рекламалык агенттикте эмгектенет
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык Перс булуңундагы эң ири рекламалык агенттикте эмгектенет

— Бир рекламалык ролик канча убакытта тартылат жана баасы канча?

— Көбүнчө 30 секунддук, бир мүнөттүк роликтерди даярдайбыз. Бир рекламалык ролик 10 миң доллардан башталат. Негизи баалар сценарийге, катыша турган актёрлордун белгилүүлүгүнө, тартыла турчу жерлерге жараша да өзгөрөт. Кээде бир видеону тартыш үчүн 4-5 мамлекетке барышыбыз керек болуп калат. Катарда чоң уюм ачылып, иш-чарага бир мүнөттөн кичине ашыгыраак жарнамалык ролик буйрутма беришти. Биз аны ондон ашык мамлекетке барып, бир жылдан ашык убакытта тарттык. Ар бир мамлекетке кайсы учурда, мезгилде барып тартуу керектигин тактап иштедик. Кыргызстанда ак кар баскан тоонун башында 5-6 адамды ат мингизип тартып видеого киргиздик.

— Анан канча каражатка тартып бердиңиздер?

— Аны айта албайм го. Бирок баасы аябай эле кымбат болгон.

— Арабдар акчасын рекламага такыр аябайт окшойт же сиздер акчага баалана турган деңгээлде тартып бересиздерби?

— Биздин агенттиктин кардарлары ошондой жана алар өзгөчө шарттарды коюшат. Анан башкалар тарта албагандай кылып жасашың керек.

© Фото / из личного архива Алтынбека КасымбаеваАл студент кезинде эле эл аралык Al Jazeera телеканалында тажрыйба топтогон
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ал студент кезинде эле эл аралык Al Jazeera телеканалында тажрыйба топтогон

— Кичи мекениңизде эс алуу кандай өтүп жатат, Кыргызстанга бат-баттан келип турасызбы?

Города мира. Доха - Sputnik Кыргызстан
Москвада көчө шыпырган кыргыз жигит кантип Катар банкында иштеп калды. Маек
— Мурда Кыргызстанга 2-3 жылда бир-эки жолу эле келчүмүн. Акыркы эки жылда 4-5 тасманы, дагы ошончо телеберүүнү бизде тарттык. Мисалы, өткөн жылы бир чет элдик телеканалга 30 сериялуу берүүнү Кыргызстанда тарттык. Негизи аны Мароккодо тартмакпыз, бирок уруксат кагаздары бүтпөй калып бара албай калдык. Берүүнүн өзгөчөлүгү — кайрымдуулук максатында жыл сайын ар кайсы мамлекетте тартылып келген. Ошондо кеңешип, Кыргызстанда тартпайлыбы деп калышты. Бул жакта уюштурууну өз мойнума алып, Европа, Азия, Араб өлкөлөрүнөн чогулган 9 алып баруучу, 9 оператор, 3 режиссёр болуп жалпы 40тан ашык чет элдик адис менен тарттык. Анда белгилүү актерлор, футболчулар, ишкерлер алып баруучу болуп, бири-бири менен жарышып, кайрымдуулук үчүн акча чогултушкан. Соңунда мага бир миллион долларга жакын акча чогулду деп кабарлашты. Анын канчасы Кыргызстанга калганы мага белгисиз. Телеберүү Катардагы телеканалда көрсөтүлдү. Буга чейин реалити-шоуну жардамга муктаж Африка өлкөлөрүндө да тартканбыз.

— Эмне себептен Кыргызстанда тартуу иштерин байма-бай аткара баштадыңыздар?

— Биз негизинен буюртма менен жарнама, телеберүү, даректүү тасмаларды тартабыз. Акыркы кезде тартуу иштери көбүнчө Кыргызстанда ишке ашырыла баштады. Себеби табият айрым фильмдерге ылайыктуу болуп жатат. Андан сырткары, арзан жана керектүү адистерди өзүбүздөн эле тапса болот экен. Америкадан, Россиядан ЖОЖдорду бүтүп келген күчтүү адистер бар тура.

— Кыргызстанды араб өлкөлөрүнө жакшы эле жарнамалап жатыпсыздар да?

— Эми Кыргызстанды түзмө-түз жарнамалаган жокпуз. Бирок жаратылышын, элин көрсөтөбүз.

© Фото / из личного архива Алтынбека КасымбаеваКезинде Кувейттеги кыргыздардын диаспорасын жетектеген мекендеш келечекте Кыргызстанда кино тармагында иштөөнү пландоодо
Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек - Sputnik Кыргызстан
Кезинде Кувейттеги кыргыздардын диаспорасын жетектеген мекендеш келечекте Кыргызстанда кино тармагында иштөөнү пландоодо

— Реклама тармагында көп жылдан бери иштеп келген адам катары жаш кесиптештериңизге кандай кеңеш бересиз?

Сотрудник международного аэропорта в Катаре, кыргызстанец Дастанбек Айдаралиев  - Sputnik Кыргызстан
Чет жакта иштөөчүлөргө эки кеңеш. Катар аэропортунда иштеген кыргыз жигиттин маеги
— Бир роликти даярдаш үчүн бир нече баскычты басып өтөбүз. Анын ичине сценарий жазуу, тарта турчу аянтчаны издөө, монтаж, үндөрдү өзгөртүү, музыканы колдонуу сыяктуу нерселер кирет. Ошол иштерди жасаган адистер ай сайын же эки айда бир жаңы нерселерди үйрөнүп турбаса өзүнүн тармагында иштей албай калат. Себеби бир жылга жетпей эле башка кесиптештеринин атаандаштыгына туруштук бере албай калат. Биздикилер болсо тартканды үйрөнсөм эле болду, башканын кереги жок дешет. Бирок чет жакта андай ой менен көпкө барбайсың. Жыл сайын техника алмашып, ыкмалар өзгөрүп жатат. Күнүгө жаңы нерселерди үйрөнүп, маалыматтан артта калбашың керек. Мисалы, мен бир жылда жок дегенде 100гө жакын жаңы тасмаларды көрүшүм абзел, телеберүүлөргө көз салып тенденциядан калбашым керек. Жасаган эмгегиң башканыкына окшошуп калбашы үчүн назар салып турбасаң болбойт. Көргөндө да жөнөкөй көрүүчү катары эмес, алардын ыкмасын, өзгөчөлүгүн, кемчиликтерин издейсиң. Сыртка чыгып билим алам, тажрыйба топтойм дегендер Европа менен АКШга барганы жакшы. Алар араб өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир топ алдыга озуп кеткен.

— Кыргызстанга келүү планыңызда барбы?

— Ачыгын айтайын, мен Кыргызстанга эчак эле келмекмин, баары бир табият, тамак-аш, элибизге эч бир жер жетпейт экен. Бирок мекенимде өзүмө ылайыктуу, мен каалаган жумушту таба албайм. Бул айлыкка гана эмес, жумуш ордуна да келип такалат. Жада калса өзүң фирма ачып иштесең да актабайт. Аны да баштан өткөрдүм, болбойт экен. Ошон үчүн сыртта иштеп жүрөм. Балким, кийин бизде кино тармагы өнүксө келип иштээрмин.

Жаңылыктар түрмөгү
0