Бишкектин Орто-Сай базарында башаламан коюлган күркөлөр алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди

Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынды. Сүрөт

234
(жаңыланган 11:35 20.05.2019)
Айрым сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

  • Рейд по наведению порядка в сфере торговли вокруг Орто-Сайского рынка
    Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Рейд по наведению порядка в сфере торговли вокруг Орто-Сайского рынка
    Ага ылайык, базардын жанындагы Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүн иретке келтирүү максатында рейд жүргөн
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Рейд по наведению порядка в сфере торговли вокруг Орто-Сайского рынка
    Мэриянын маалымат кызматы мындай рейддер такай улантыларын белгиледи.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, базардын жанындагы Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүн иретке келтирүү максатында рейд жүргөн.

"Октябрь районунун жана санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери милиционерлер менен бирге өзүмбилемдик менен коюлган 10 соода күркөнү алды. Андан сырткары, азык-түлүктөрдү жерге коюп алып сатууга болбой турганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалымат кызматы мындай рейддер такай улантыларын белгиледи.

234
Белгилер:
соода, рейд, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш өтөт. Иш-чаранын убакыт-сааты
Лабораториянын кызматкери иш учурунда. Архив

Россиянын COVID-19га каршы вакцинасына качан уруксат берилери айтылды

137
(жаңыланган 00:19 12.07.2020)
Июндун ортосунда РФ Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россия чыгарган коронавируска каршы вакцинага регулятор жайдын соңу менен уруксат берет. Бул тууралуу Түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

Анын айтымында, ушу тапта Гамалея институтунан чыккан вакцинаны колдонууга чыгаруу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат.

"Бул өтө маанилүү. Россиялык вакцинага август-сентябрь айларында уруксат берилиши керек деген ойдобуз", — деди Дмитриев "Россия 1" каналынын эфиринде.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

Ал COVID-19га каршы чыгарылган россиялык "Авифавир" менен АКШнын "Рамдесивир" дарысын салыштырып көрдү. Анын айтымында, россиялык препарат "Рамдесивирге" караганда алда канча натыйжалуу жана арзан. Мындан тышкары, ал ампула эмес таблетка түрүндө. Инвестор "Авифавир" менен Россиянын бардык аймагын камсыздоого өндүрүштүн күчү жете турганын белгиледи.

Июндун ортосунда РФ Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Ушу тапта сыноо иштери соңуна чыгып калды. 15-июлда ыктыярчылардын биринчи тобу чыгарылат. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча алардын абалы жакшы, эч кандай даттануу жок.

Сеченов университетиндеги ыктыярчылардын да саламаттыгы жакшы экени белгиленген. Тесттин катышуучулары 15 жана 20-июлда чыгарылат.

137
Белгилер:
Россия, уруксат, ыктыярчылар, сыноо, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты
Ошко Москвадан кыргызстандыктар келди

Ошко Москвадан кыргызстандыктар келди

86
(жаңыланган 22:23 11.07.2020)
Келгендердин арасында жаш балдар, оор илдетке кабылгандар, жакында эле операция жасаткандар, жакындары кайтыш болгондор жана оор турмуш кырдаалына тушуккандар да бар.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ошко Москвадан 156 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • В Международном аэропорту «Ош» 11 июля встретили чартерный рейс авиакомпании «Авиатраффик Компани» по маршруту Москва-Ош.
    Ошко Москвадан 156 кыргыз жараны келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • В Международном аэропорту «Ош» 11 июля встретили чартерный рейс авиакомпании «Авиатраффик Компани» по маршруту Москва-Ош.
    Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • В Международном аэропорту «Ош» 11 июля встретили чартерный рейс авиакомпании «Авиатраффик Компани» по маршруту Москва-Ош.
    Ага ылайык, "Ош" эл аралык аэропорту "Авиатрафик Компани" авиакомпаниясынын Москва — Ош багыты боюнча мекендештердин чартердик каттамын тосуп алган
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МИД КР
Ошко Москвадан 156 кыргыз жараны келди

Ага ылайык, "Ош" эл аралык аэропорту "Авиатрафик Компани" авиакомпаниясынын Москва — Ош багыты боюнча мекендештердин чартердик каттамын тосуп алган.

ТИМ: мекенге кайтууну көздөп 57 өлкөдөн КР жарандары кайрылды

"Алардын арасында жаш балдар, оор илдетке кабылган, жакында эле операция жасаткан, жакындары кайтыш болгон жана оор турмуш кырдаалына тушуккан жарандар бар", — деп айтылат маалыматта.

Тизмени Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлери жана элчиликтин кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзгөнү айтылды.

86
Белгилер:
тизме, учак, мекендештер, каттам, Москва, Ош
Тема боюнча
РФтеги элчиликте иштегендер кол салууга дуушар болушту. Шектүүлөр изделүүдө

COVID-19дун белгилери байкалган тааныш же туугандарыңыз барбы?

0
0