Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист КР, телеведущий, режиссер Эгемберди Бекболиев
Народный артист КР, телеведущий, режиссер Эгемберди Бекболиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн КР эл артисти, теле алып баруучу, режиссёр Эгемберди Бекболиев 64 жаштын чайын ичип отурат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу актёрдун туулган күнүн утурлай, анын бейнесине саресеп салып, өмүр жана чыгармачыл жолундагы кызыктуу фактыларды топтоду.

Көптөн күткөн уул. Эгемберди Бекболиев Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Букара айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы суу чарба кызматкери болсо, апасы колхоздо иштеп, кийин пенсияга чыккан. Бирок экөөнүн тең көзү өткөн. Актёр 9 бир туугандын бешинчиси. Төрт кыздан кийин ата-энеси көпкө чейин уул күтүп жүрүп, акыры эркек балалуу болушкан. Ошол себептен дагы Эгемберди Бекболиевди чоң атасы жерге-сууга тийгизбей аябай жакшы көрчү экен. 

© Фото / Кыргызский национальный драмтеатр им. Т. АбдумомуноваНародный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Народный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев

"Мен төрөлгөндө ата-энемен дагы чоң атам аябай кубаныптыр. Дайыма жанында алып жүргөнү, тизесине отургузуп алып эркелетип калганы элес-булас эсимде. Кичине кезимде апам мени оорукана алып кеткенде сууга агып кеткен жокпу деп аябай кабатыр болуптур. Оорукана коңшу айылда экен. Ал айыл менен биздин кыштактын ортосунда чоң суу акчу дейт. Анан баягы апам менен эжем мени дарыгерге көрсөтүп келгичекти чоң атам: "баланы тигилер сууга агызды го, суудан өтө албай агызып жиберип, анан үйгө келе албай жүрүшөт да" деп көпкө чейин сүйлөнүптүр. Менден кийин ата-энем эки уул, эки кыздуу болушкан", — деди актёр.

Бир туугандарынан чыгармачыл чөйрөнү Эгемберди Бекболиевден тышкары эч ким тандаган эмес. 

© Фото / Кыргызский национальный драмтеатр им. Т. АбдумомуноваНародный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Народный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев

Математика мугалими болмок. Актёр бала кезинен мугалим болууну самачу экен. Математика сабагын жакшы көргөн тестиер класстын алдыңкы окуучусу болуп, классташтарынын эсептерин чыгарып берчү.

Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-энеси таенесинен "сатып алган" Сатыбалды Далбаев тууралуу 7 факты
"Эсепке жакын киши көп сүйлөбөйт эмеспи. Ошондон улам мүнөзүм түнт, көп сүйлөбөгөн бала элем. Эми-эми эле ачылып келе жатам. Анткен менен чыгармачылык чөйрө жакчу. Бирок актёр болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Туз-насип экен, дос балам менен кыргыз драма театрынын алдында эки жылдык окууга экзамен тапшырып, күтүүсүз жерден көп баланын ичинен мен өтүп кеткем", — деди Бекболиев.

Актёр 1972-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдында жаңы ачылган эки жылдык окууда билим алып жүрүп армияга кеткен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНародный артист КР, телеведущий, режиссер Эгемберди Бекболиев
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Народный артист КР, телеведущий, режиссер Эгемберди Бекболиев

Геодезист. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында Байконурда кызмат өтөгөн. Математика сабагына болгон шык-жөндөмү армияда кереги тийип, аны жетекчилери геодезист кылып дайындашкан.

"Солдаттардын айлыгы 3 сом 50 тыйын болсо, меники 13 сом 50 тыйын болчу. Математика сабагынан жакшы окуганым армиядан керек болду. Мындан сырткары, казармада кызмат кылып, нөөмөткө турчу эмесмин. Жакшы адис деп жер-жерлерди кыдырууга жөнөтчү. Солдат үчүн жер кыдыруу эс алууга барабар эмеспи", — деди Бекболиев.

Армияда кызмат өтөп келген соң актёр кайрадан окуусун улантып, 1976-жылдан тарта драма театрда артист болуп иштей баштайт. Бекболиев Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтуна тапшырып, окууну кийин мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан аяктаган. 

© Фото / Кыргызский национальный драмтеатр им. Т. АбдумомуноваНародный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Народный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев

21 жашында Түндүк муз океанын көргөн. Бекболиевдин тасма жаатындагы дебюту — Мосфильм киностудиясы тарткан "Великий самоед" аттуу кинокартинасы. Немистердин турмушу жөнүндө тартылган фильмдин арты менен актёр 21 жашында Түндүк муз океанын да көрүп келген.

Абдумомуновдун "Нурдинине" таасирленип... Театрга келери менен актёр өзүнө чейинки улуу муундагы артисттер ойногон бир нече ролдорду аткара баштайт. Алсак, "Ак боз атта" Шамурдун, "Трибуналда" Володянын, "Үйлөнүү" спектаклинде Кочкаревдун ролун жараткан. Мындан сырткары, "Саманчынын жолунда" Субанкулдун да образын ийине жеткирген. Бекболиев Токтоболот Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасын мектепте окуп жүргөндө эле көрүп, таасирленген. Драмадагы Нурдиндей чынчыл, достукка бекем болсун деп тун уулунун атын да Нурдин койгон. Кийин спектакль кайрадан сахнага коюлганда Бекболиевге Нурдиндин образын жаратуу шыбагасы буюрган. 

© Фото / Кыргызский национальный драмтеатр им. Т. АбдумомуноваНародный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев
Төрт кыздан кийинки математик уул. Актёр Эгемберди Бекболиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Народный артист КР, телеведущий и режиссер Эгемберди Бекболиев

Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан
Базарбай эмес, Бостон болмокмун... Дүйшөн Байдөбөтов тууралуу кызыктуу фактылар
Таланттуу жубайлар. Эгемберди Бекболиевдин жубайы Айсалкын Осмонова да театр артисти. Жубайлар театралдык окуу жайда билим алып жүргөндө таанышып, Бекболиев 22 жашка чыкканда баш кошушкан. Бир кыз, бир уулу бар. Кызы Назгүл англис тил мугалими адистигин аяктап, Ирландияга кетип, бактысын ошол жактан тапкан. Жолдошунун улуту орус, үч баланын апасы. Ал эми эркек баласы Нурдин кесиби боюнча инженер-эколог, азыркы тапта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу балык чарбасы департаментинде иштейт.

Котормочу, режиссёр, теле алып баруучу. Бекболиев чыгармачыл күчүн режиссурада да сынап, "Дубал", "Тагдыр", "Баяндуу махабат", "Ак кеме" сыяктуу спектаклдерин даярдаган. Мындан сырткары, бош убактысында пьесаларды которот. Бекболиев Коомдук биринчи каналына чыккан "Кайдасың?" берүүсүнүн да алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0