Ачкыч. Архивдик сүрөт

"Коопсуз шаардын" айып пулу төмөндөтүлүшү мүмкүн. Өкмөттүн тапшырмасы

256
(жаңыланган 10:04 21.05.2019)
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары жол эрежесинин бузулганы үчүн салынган айып пулдун көлөмү чоң болуп калганын айтып, аны азайтуу керектиги боюнча маселе көтөрүшкөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, анда айып пулдарды азайтуу маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, айып пулдардын көлөмү элдин социалдык абалын эске албай туруп белгиленип калганын Жогорку Кеңештин депутаттары буга чейин бир нече ирет айтышкан.

"Коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен Абылгазиев жумушчу топко учурдагы айып пулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министрдин айтымында, айып пулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек. Абылгазиев, андан сырткары, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашырууда борбор калаадагы тажрыйбанын бардык жыйынтыктары эске алынарын белгиледи.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке аша баштагандан бери жалпысынан жол эрежесинин бузулушу боюнча 108 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5 пайызы төлөнгөн.

256
Белгилер:
Мухаммедкалый Абылгазиев, тапшырма, өкмөт, айып пул, Коопсуз шаар
Тема боюнча
Өкмөт: "Коопсуз шаар" жол кырсыгынан болгон өлүмдү 68,8 пайызга азайтты
"Коопсуз шаардын" экинчи этабында дагы 306 камера иштей баштайт
Депутат: "Коопсуз шаардын" айып пулунун көлөмүн тезинен азайтуу керек
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

5
(жаңыланган 21:11 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул туурасында Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиинкалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо, 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң доза, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

5
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет
Чу дарыясы. Архивдик сүрөт

Шейшембиге карата аба ырайы

3
(жаңыланган 21:01 28.09.2020)
Шейшембиге караган түнү Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 29-сентябрда, күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Ал эми өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кар жаап, суук түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаабыз Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градус жылыйт.

3
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы