Нарын облусунун Ат-Башы району. Архив

Байым, бурадар, нөөп койдуңбу, зак... Нарынга барганда жашап жүргөндөй сүйлөшүңүз

1993
(жаңыланган 18:14 21.05.2019)
Диалект менен говорлор — тилдин байлыгы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети дубандын "ички" тилин тизмектеп берүүнү улантат.

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен, Ысык-Көл жана Ош облустарынын диалектисин тизмектегенбиз.

Нарын говоруна тиешелүү сөздөр "Тяньшандык кыргыздардын тилиндеги өзгөчөлүктөр" китебинен алынды.

Эжий, эжий болуп калыптыр — бул сөз өтө карыган адамга карата айтылат;

Жады — эс, ой;

Зампар — бошоң, жүүнү бош деген мааниде;

Зак, сак — тамдын түбүнүн ным болуп урай башташы;

Белчир — теринин жон (соору) жак бөлүгү;

Байым — эркелетүү маанисинде колдонулат. Бирок өзүнөн кичүү кишиге (көбүнчө балдарга, жаштарга) гана эркелетүү иретинде колдонулуп, өзүнөн улууларга байым деген сөз айтылбайт;

Бедөө — таскактуу, күлүк жылкы;

Богус — тегирмендин үстүңкү ташынын ортосундагы дан чубурчу жери;

Бой кат — боюнда бар, кош бойлуу;

Бышаң, бышаң салып байла — чаначтын оозун бууганда жел чыгып туруш үчүн кошо буулган тоголок жыгач;

Тогончор — жээндин баласы;

Бурадар — дос, жакшы санаалаш, курбу деген мааниде;

Карын бөлө — эжелүү-сиңдилүү бир туугандардын балдары. Булар бири-бирин карын бөлө деп аташат;

Бардан — табарсык деген мааниде, өтө сейрек колдонулат. "Эр барданы бек болсун, ат барданы бош болсун" деген кеп бар. Жылкы чарчап чаалыкканда барданын бошотуп алса эс алып калат. Ошон үчүн ат барданы бош болсун дейт.

Чыгырык — дөңгөлөк;

Ширге же сырга — энесин эмбес үчүн кулундун эки жаагына кадалган шиш;

Чөөлмөк — азоо жылкыларды кармоо үчүн учу илмек узун аркандан жасалган нерсе;

Боркок — энесин ээмп салбашы үчүн торпоктун мурдуна тагылган жылкынын туягы. Торпоктун мурдун көзөп, эки жагынан жип өткөрүлгөн туякты тумшугунан ылдый салаңдата тагып коет. Туяк анын эмишине жолтоо кылат;

Бекет, уй бекет, ат бекет — кышында малга жылуу болуш үчүн үстү жабык жана тегерете дубал менен тосулуп салынган жай же сарай.

Ноо — малга туз бериш үчүн жасалган аштоо;

Ылоо, улоо, көлүк – мине турган унаа (ат);

Бастырма — үч жагы дубал менен курчалып, төбөсү жабылып, бир жагы ачык жасалган мал байлагыч жер;

Бортоной — жеңи жок жылуу кийим;

Боортко — баланы бөлөгөндө боорунан, бутунан бешикке таңып кое турган чүпөрөктөн шырып жасалган жазы байлагыч;

Малкам — бир казан бээнин сүтүнө бир соку кант жана эт салып бышырылган тамак;

Саксай — таруу же конокту күрүч сыяктуу басып, эт менен даярдалган тамак;

Сүт боорсок, сүт кесме — сүткө камырды үзүп-үзүп салып бышырган тамак;

Талкы — туздун шору. "Талкысы чыгып кетиптир" дешет;

Тегелеки — суу кошпой накта сүзүлгөн бозо;

Түймөч — согумга союлган малдын этинен, ошонун терисине же карынына түйүп коюп кышында тоңдуруп, сүрсүтүп туруп, жазында аны салып жей турган тамак;

Чагыр — сорпого кымыз кошулуп жасалган суусун тамак;

Киричме — сүзүлгөн бозого кант салып, оозу бек идишке куюп, жети күн ачытып туруп ичиле турган тамак;

Катырма — казанга салып, анан отко кактап бышыра турган жука нан;

Арашан — малдын сан этин эзилгенче кайнатып, дарылык үчүн жасалган тамак;

Марек — кичинекей бычак, бирок маки эмес;

Чап — жаандан кыртышы кетип эзилип отуруп, тоонун жарга окшоп калган бети, бирок жар сыяктуу анчалык тик болбойт;

Чыргай — карагай-черлүү түнт токой маанисинде колдонулат;

Чырымтал — самоорго жагуу үчүн майдаланган отун;

Чыргоо — мине турган унаа (жылкы) маанисинде колдонулат;

Чидерүү — бооз малдын толгоо келгенде короодон качып, кызганып, бир жакка кетип калышы;

Шайбыр — жорго аттын ыкчам жүрүшү, басыгы деген мааниде;

Ошпур — бош, чыдамы жок деген мааниде

Өтөк — тоонун ичиндеги мал кыштатууга ылайыктуу ойдуңча же далдаа жер.

Ноода — жаш, бек, бышык деген мааниде;

Нөө, нөөп койдуңбу — аяп койдуңбу, боор оорудуңбу деген мааниде;

Кабак — кишиге түз жерден көрүнбөй турган эңкейиш, ойдуңураак жер;

Даек — ат чабышта берилүүчү байге. Байге алган адамды даекчи деп аташат.

1993
Белгилер:
тибиртке, сөз, Нарын облусу
Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
Тема боюнча
Ава, тепек, бадоот... Ысык-Көлгө барганда жергиликтүүдөй сүйлөшүңүз
Амаки, үзүк, өлүмсанки, горо... Баткенге барганда сыр бербей сүйлөшүңүз