Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түтүк орнотуу иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте уруксат кагаздары жок туруп, жерге газ түтүктөрүн орнотуп жаткан курулуш компаниясы аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте уруксат кагаздары жок туруп, жерге газ түтүктөрүн төшөп жаткан курулуш компаниясы аныкталды
Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте уруксат кагаздары жок туруп, жерге газ түтүктөрүн төшөп жаткан курулуш компаниясы аныкталды

Түтүк орнотуу иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан.

"Фирма Бата" ишканасынын кызматкерлери курулуп жаткан үйлөргө газ киргизгени жаткан. Ошол эле учурда алар "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын асфальт төшөө иштерине тоскоол болгон", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

© пресс-служба мэрии города БишкекТүтүк төшөө иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан
Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан курулуш компанияcы жазаланды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Түтүк төшөө иштери Жумабек көчөсүнүн Жусуп Турусбековдон Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан

Санитардык-экологиялык инспекциясы окуя болгон жерге барып, Эреже бузуулар кодексинин 119-беренесине ылайык протокол түздү. Эми мыйзам бузган компания 23 миң сом айып төлөгөндөн тышкары, бузуп койгон жер кыртышын калыбына келтирип берүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0