Кыргыз-өзбек чек арасындагы мыйзам бузуулардын саны 65 пайызга кыскарды

© REUTERS / Shamil ZhumatovӨзбекстандын чек ара кызматкерлери. Архив
Өзбекстандын чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-майда Наманганда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын жыйыны өткөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 65 пайызга азайды. Муну эки өлкөнүн чек арачыларынын активдүү кызматташуусунун натыйжасы катары кароого болот. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан Чек ара аскерлери Мамлекеттик коопсуздук кызматына таянуу менен билдирди.

Өкмөттүн чек араны делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Курбанбай Искандаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек ара боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн Искандаров иштен эмнеге айдалганы айтылды
Маалыматка ылайык, 21-майда Наманганда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын жыйыны өткөн. Жолугушууда чек ара коопсуздугу, 2018-жылдагы жалпы чектерди коргоо боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыгы жана 2019-жылдагы негизги иш пландары талкууланган.

Мындан сырткары, көйгөй жараткан маселелерди чечүү жаатында өткөрүлгөн жолугушуулар 2018-жылы 19,5 пайызга көбүрөөк болгону айтылат. Ошондой эле эки өлкө биргеликте чек арада жүргүзгөн күзөтүүлөр да 21 пайызга жогорулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0