Депутаттар сот реформасы үчүн корогон акчанын чоо-жайына кызыгууда

© AFP / DAMIEN MEYER Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү бул боюнча маалымат берүүнүн мөөнөтү эки айга создуктурулуп кеткенин айтты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев үч ай мурда өкмөткө сот реформасы үчүн короду делген 13 миллион 600 миң евронун сарпталышы боюнча маалымат берүү убактысы эки айга создуктурулуп кеткенин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

"Сот реформасына делген 13 миллион 600 миң евро кандай максатта келип, кантип сарпталганын тактоо иретинде биз 1-мартка чейин мөөнөт бергенбиз. Бүгүн май айы бүтүп жатат, биз берген мөөнөттөн эки ай өттү. Эгер мүмкүн болсо эртеңкиге, же кийинки жумага сот реформасына бөлүнгөн акчага эмне иштер жасалганын бир тактабайлыбы?" — деген сунуш берди.

Андан сырткары, ЖМКларда сот реформасына кетти делген чыгымды парламенттин бюджет боюнча комитети карап жатат деген маалымат тарап жатканын белгилеп, өкмөт мунун баарын орду-ордуна коюп бериши керектигин айтты.

Белгилей кетсек, сот реформасына деп Евробиримдик бөлгөн каражаттын кайда жумшалганын билүү үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги бир жыл мурда тиешелүү тараптарга сурам жиберген. Бирок бир да орган жооп бере алган эмес.

Евро жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Cот реформасына бөлүнгөн 14 млн. евро грант "жоголду". Иликтөө башталды
Бул акчанын тагдырына кызыккан депутаттардын тобунда Акылбек Жапаров дагы бар. Эл өкүлүнүн айтымында, депутаттар буга чейин ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Ауэр менен жолугушуп, сот реформасына деп бөлүнгөн каражаттын дайын-дареги жөнүндө сураган. Бирок Ауэр суроого жооп бере албай, 3-июнда жолугушууну сунуштаган.

Ал эми Жапаровдун айтымында, мурда ЕБ бөлгөн каражат Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө келчү. Андыктан акча бул жакта бөлүштүрүлүп, анын кайда жумшалгандыгы тууралуу отчёт берилчү. Бирок азыр шарт өзгөрүп, Кыргызстандын укук тармагын жакшыртуу үчүн жасалчу иш-чараларга тендерлер Европада жүргүзүлүп, акчаны чет элдик компаниялар өздөштүрүп калган.

Эл өкүлүнүн маалыматына караганда, Европа биримдигинен "Кыргызстандагы укуктун үстөмдүүлүгүн илгерилетүү" долбоорунун биринчи жана экинчи фазаларында 13 эмес, 14 миллиондон 28 миллион евро келген. Анын биринчи бөлүгү өздөштүрүлүп, эми калганы бөлүштүрүлгөнү жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2010-жылдан бери сот системасын реформалоо жүрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0