Кыргызстандагы Сабаттуу бол деп аталган жат жазуу акциясы

22 ката! Мамлекеттик кызматкерлер жат жазуудан "1" алган. Сүрөттөр

9909
(жаңыланган 17:08 22.05.2019)
Жат жазуу акциясына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан 206 киши катышкан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кыргызстандагы "Сабаттуу бол" деп аталган жат жазуу акциясына катышкан мамлекеттик кызматкерлердин арасында "1" деген баа алгандар да болду. Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Аида Ишеналиева билдирди.

Жат жазуу акциясына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан 206 киши катышып, алардын ичинен 11 киши "1" деген баага татыган.

Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ичинен 11 кишинин диктантына "1" деген баага коюлган
Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бул эмгектен мугалимдер орфографиялык 16, пунктуациялык 6 ката тапкан!

Аларды барактай келгенде жөнөкөй сөздөрдөн кеткен каталарды байкоого болот.

Маселен, "калар" сөзүн — "каалар", "коштошуп" сөзүн — "коштошуб" деп жазышкан. Башка каталарын кошкондо бул эмгектен текшерген адамдар орфографиялык 16, пунктуациялык 6 ката тапкан!

Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жат жазуудан "өзүң еле", "суроңо", "деерсиң" деген сөздөрдү кездештирүүгө болот.
Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бул жат жазуунун 19 (!) катасы бар экен.

Дагы бир катасы толтура диктанттан "өзүң еле", "суроңо", "деерсиң" деген сөздөрдү кездештирүүгө болот. Бул жат жазуунун 19 (!) катасы бар экен.

Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Саатан кийин", "ишге", "каараныңдан" деген "жаңы" эрежелер менен жазылган сөздөрдү кезиктире аласыз.
Результаты одного из участников диктанта по кыргызскому языку среди государственных служащих
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"1" деген баага арзыган бул "шедеврден" 20 ката кеткен.

"1" деген баага арзыган кийинки "шедеврден" 20 ката кеткен.

"Саатан кийин", "ишге", "каараныңдан", "талууу"деген "жаңы" эрежелер менен жазылган сөздөрдү кезиктире аласыз.

Маалымат үчүн айтсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 15и — "5", 52си - "4" алса, 73 киши "үчкө", 52 кызматкер — "2" деген баага жазган.

Диктантты интернеттен көчүрүп алган "ишмердүүлүгү" үчүн 3 кишиге "0" коюлган.

Эске сала кетсек, акцияга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, студенттер, ЖОЖдордун, мектептердин мугалимдери, бала бакча, банкта иштегендер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрү катышкан.

Айтмакчы, бир жат жазууда кыргызстандыктар жатка билген Толгонай эненин уулу Майсалбек (Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестиндеги каарман), "Байсалбек" болуп "өзгөрүп" кеткен. Бирок Улуттук комиссиядан муну жогорудагы тармактардын ичинен кайсынысынан жазгандыгын такташкан жок.

Жат жазууларды 12 кишиден турган комиссия текшерген. Алардын арасында жогорку окуу жайлардын окумуштуулары, мектеп мугалимдери, журналисттер болду.

9909
Белгилер:
ката, жат жазуу, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз тилинде туура жазуу колуңуздан келеби? Тест
Ишекеев: мамлекеттик тил — улуттун коду жана мамлекеттин жүрөгү
Ооруканада бейтап. Архив

Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

639
(жаңыланган 11:12 02.07.2020)
Ушул тапта миңден ашуун бейтаптын өпкөсү сезгенип жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны үч жүздөн ашат.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Өлкөдө бир суткада пневмониядан 17 киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, соңку суткада 206 киши ооруканага түшүп, ушул тапта 1 247 бейтаптын өпкөсү сезгенип жатат. Анын ичинен 112си жандандыруу бөлүмүндө, оор абалдагылардын саны 337 болду. Каза болгондор бүгүнкү статистика менен жалпы 97ге жетти.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Март айынан бери жалпысынан пневмонияга 1 971 киши кабылып, анын ичинен 627 адам сакайып чыккан.

Республикалык штаб өпкөсү сезгендердин коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын белгиледи.

639
Белгилер:
өлүм, оорукана, бейтап, пневмония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
"Гансиде" пневмония болгондорду кабыл алуу үчүн 600 орун даярдалды. Сүрөттөр
Бир суткада Кыргызстанда төрт адам коронавирустан каза болду
Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников

Бишкектин Октябрь районунун акими Ситников кызматынан бошотулду

63
(жаңыланган 10:40 02.07.2020)
Ситников ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу кызматын тапшырган. Буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Октябрь райондук администрациясынын башчысы Максим Ситников кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Билдирүүгө ылайык, аталган буйрукка Бишкек мэри Азиз Суракматов кол койду. Ситников ден соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу кызматын тапшыргандыгы айтылууда.

63
Белгилер:
кызматтан кетүү, аким, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!