Курулуш иштеринин жол белгиси. Архив

Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылды. Карта

117
(жаңыланган 17:43 22.05.2019)
Оңдоо иштери 7-июнга чейин жүрөт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бишкекте Фрунзе менен Ахунбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү жабылганын мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Эки көчөнүн тең бир тилкеси жол кыймылы үчүн ачык болот. Мында Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жана Ахунбаевдин Шүкүров менен Койташ көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү жабылмакчы.

Маалыматта "Бишкекжылуулук" ишканасы аталган тилкелерде түтүктөрдү алмаштыра турганы айтылды.

117
Белгилер:
түтүк, мэрия, көчө, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги Абай көчөсү ремонттон кийин ачылды. Сүрөттөр