Каралбай калды! Жогорку Кеңеште Памир кыргыздарынын маселеси көтөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПереселение Памирский кыргызов в Кыргызстан
Переселение Памирский кыргызов в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Памирден келген айрым кыргыздар коробка чогултуп жүрөт деген маалыматтар бар экенине токтолду.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстанга көчүрүлүп келген Памир кыргыздары каралбай калды деген маанайда акыркы учурда маалыматтар тарап жатканын айтып, өкмөттү алардын маселесине көңүл бурууга чакырды.

"Өкмөт колунан келишинче шарт түзүп, жардам берип жатат. Бирок акыркы күндөрү ошонун (Памир кыргыздары — ред.) тегерегинде бир топ маселе пайда болду. Алардын айрымдары кайта кайтабыз десе, айрымдары шарт керек деп жатыптыр", — деди ал.

Бакиров, андан сырткары, Памирден келген кыргыздардын жашоо-тиричилиги мал-жандык менен байланышкандыктан, Алай сыяктуу тоолуу аймактардан атайын айыл куруп, ошол жакка отурукташтырса жакшы болмок деген сунушун айтты.

Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
National Geographic Памирдеги кыргыз кыздарынын сүрөтүн жарыялады
"Эми азыр айрымдары коробка терип жүрүшүптүр, дагы башка жактарда жүрүп жатыптыр. Башкача айтканда, алып келип алып каралбай калгандай маанай жаралып жатат. Алар дипломатиялык жол менен гана келген. Кыргызстандын толук жараны боло элек. Ошентсе да аларга көңүл буруп койсок", — деди депутат.

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0