Депутат Кенжебек Бокоевдин архивдик сүрөтү

Депутат шайлоодо №2 форманы алып салуу керектигин сунуштады

134
(жаңыланган 13:46 23.05.2019)
Эл өкүлү №2 форма шайлоочуларды сатып алууга негизги шартты түзө турганын айтты.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө №2 форма (жашаган, катталган жеринен башка жакта туруп добуш берүү укугун берүүчү документ) деген түшүнүктү алып салуу керектигин сунуштады.

Депутаттар "КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун, "Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорлоруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат.

Депутат №2 форма шайлоочуларды сатып алууга негизги шартты түзө турганын айтты.

"Облус ичинде бир айыл өкмөттөн экинчи айыл өкмөткө кишилерди ташууну токтотуу үчүн №2 форманы алып салыш керек. Аны Бишкек менен Ош шаарында гана калтыруу кажет. Бир күндө эле Бишкекте бир участокто 300 киши катталып калган фактыларды көрдүк го. Мына БШКнын төрайымы отурат, шайлоо участкасынын өкүлдөрүнө бир да чара көрүлгөн жок да, жоопко тартылган жок", — деди ал.

Бокоев, андан сырткары, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо "аялдар" деген сөздү "гендер" деген сөз менен алмаштырууну сунуштады. Себеби айрым айылдык кеңештерде жалаң аялдар келип калуу ыктымалдуулугу бар экенин айтты.

Аны менен катар шайлоого бир жыл калганда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилбесин деген нормага каршы экенин, анткени жыл ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо боло берерин айтып, жакында аймактарда өткөн шайлоолорду мисал келтирди.

134
Белгилер:
мыйзам долбоору, шайлоо, Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Президент парламенттик шайлоо кандай шартта өтөрүн билдирди