Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордон Бишкек канча пайда көрөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковУстановка паркоматов в Бишкеке
Установка паркоматов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акы алынуучу мындай жайлар тууралуу токтомдун долбоорун эми шаардык кеңештин депутаттары карап чыгышы керек.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордон түшчү каражат тариф саясатына байланыштуу болот. Бул тууралуу мэрия аппаратынын транспорт жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, каражат шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана коомдук транспорт сатып алууга жумшалмакчы.

"Азыр так бир сумманы айтуу мүмкүн эмес, Бишкек шаардык кеңеши тарифтерди эми бекитет. Божомолдорго ылайык, унаа токтотмолорунан шаардын казынасына жылына 100 миллион сом түшөт. Бирок сумма мындан алда канча көп болушу толук ыктымал", — деди Жусупов.

Соода борбордогу автоунаа токтоткон жайдын алдын элчиликтин машинасы тороп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Соода борбордогу автоунаа токтоткон жайдын алдын элчиликтин машинасы тороп алды. Видео
Бөлүм башчы Шопоков көчөсүндөгү токтотмо жайдан жылына 2,5 миллион сом түшүп турганын белгиледи.

Ал эми "Парковки и стоянки" муниципалдык ишканасынын директору Бишкекте канча унаа токтотуучу жай бар экенин айтып берди.

"Бүгүнкү күндө борбор калаада 10 600 жай бар. Ушу тапта биз жагдайды анализдеп жатабыз. Менимче, шаарда дагы 1500-2000 унаа токтотмосу пайда болушу мүмкүн", — деди ал.

Шаардык кеңештин депутаты Эрмек Усубалиев аталган долбоор акча табууну эмес, калаада тартип орнотууну көздөй турганын белгиледи.

"Максатыбыз айдоочулардан акча жыйноо эмес. Биринчи кезекте башаламан унаа токтотууга бөгөт коюшубуз зарыл. Мисал катары бардыгына автоматташтырылган система көз салган "Коопсуз шаар" долбоорун алалычы. Унаа токтотуучу жайларда да ушундай эле тартип болот: унаа ээлери электрондук форматка өтөт. Ал жерде ар бир сом эсепке алынат", — деди эл өкүлү.

Кыргызстандагы айдоочулардын көз карандысыз кесиптик кошуунунун төрагасы Дастан Мирякубов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мирякубов: өлкө боюнча жүк ташуучу унааларга токтотуучу жай каралган эмес
Белгилей кетсек, муниципалитет акы төлөнүүчү унаа токтотмолорун ишке киргизүүнүн тартиби жана шарты боюнча долбоорду шаардык кеңештин кароосуна жөнөткөн. Документке ылайык, шаарды төрт бөлүккө бөлүп, анын ар биринде өзүнчө тариф иштемекчи. Мисалы, шаардын борбордук бөлүгүндө алгачкы бир саат 30 сомго айланса, кийинки сааттар үчүн 10 сомдон акы алынат. Мындан тышкары, унаанын орду кайсы бөлүктө экенине карабастан суткасына 50 сомду түзөт.

Эгер токтом кабыл алынса, унаа токтотмолорун уюштуруу укугу аукцион аркылуу ыйгарылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0