Бишкекте №114 маршрутканын каттамы өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота маршрутного такси в Бишкеке
Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маршруттун өзгөрүшүнө Щербаков көчөсүндө жүргүнчүлөрдүн өтө аз экени себеп болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкекте №114 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан ары маршрутка Щербаков көчөсүнүн ордуна Баялинов менен жүрө турган болду. Калган схемасы өзгөрүүсүз калды.

"Мындай чечимге Щербаков көчөсүндө жүргүнчүлөрдүн өтө аз экени себеп болду", — деп айтылат маалыматта.

Транспортко байланыштуу бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлер аркылуу байланышка чыкса болот:

  • WhatsApp каналы — 0 555 33 00 31;
  • Маршруткалардын иши боюнча — 0 312 53 36 48;
  • Автобустардын иши боюнча — 0 312 53 48 24, 53 18 17.
Жаңылыктар түрмөгү
0