Эртең Бишкектин бир катар аймактары жарыксыз калат. Тизме

© AFP / JOHN MACDOUGALLЭлектр зымдарын оңдоп жаткан кызматкерлер. Архив
Электр зымдарын оңдоп жаткан кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Эртең, 24-майда, Бишкектин бир катар аймактарында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

  • 09.00-17.00 — Үсөнбаев көчөсүндөгү №37 үй;
  • 09.30-18.00 — Кара-Жыгач конушундагы Достоевский, Дордой, Бурана, Лев Толстой, Соң-Көл, Ысык-Көл, Исакеев көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Огонбаев, Сүйүмбаев, Гоголь көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-18.00 — Фирсов көчөсүнүн бир бөлүгү, Сүлүктү туюк көчөсү;
  • 10.00-18.00 — Гагарин, Абдраимов, Шота Руставели, Балтагулов көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 09.30-19.00 — Көлмө конушундагы Мидин, Козу-Баглан, Алтын-Бешик, Долон, Жаз, Азаттык, Республика, Максат, Мыскал, Насыйкат көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Арча-Бешик конушундагы Ак-Марал, Кошон, Алтымышев, Шералиев, Көпүрө-Базар, Сандык-Тор, Репин, Термечиков көчөлөрү;
  • 09.30-17.00 — Дружба, Байтик баатыр, Космический көчөлөрүнүн бир бөлүгү.
Жаңылыктар түрмөгү
0