Министрлик "Фермердин паспортун" ишке киргизет. Дыйкандарга тийгизген пайдасы

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйнап жаткан фермерлер. Архив
Түшүм жыйнап жаткан фермерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул долбоор ишке ашса, дыйкандар жана фермерлер бир топ жеңилдиктерге ээ болору айтылат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Фермердин паспорту" программасын иштеп чыкты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Паспорттун негизинде дыйкандар жана фермерлер бир топ жеңилдиктерге ээ болору айтылат.

"Бул долбоордун максаты — заманбап технологияларды колдонуу менен фермерлердин ишмердүүлүгү боюнча маалымат чогултуу, талдоо жана болжолдоо. Ошондой эле республикадагы дыйкандар менен биргеликте иш жүргүзүү болуп саналат. Долбоор ишке ашса, айыл чарба жерлерин каттоо жөнгө салынып, реалдуу сандар менен ачык статистика түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Дыйкандар "Фермердин паспортун" мобилдик тиркеме түрүндө колдоно алышат. Ал IOS, Android жана Windows платформаларында жеткиликтүү болот.

Эми картошка кабинетке келбесин! Абылгазиевдин Нурбек Мурашевди зекиген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Эми картошка кабинетке келбесин! Абылгазиевдин Нурбек Мурашевди зекиген видеосу
Ал эми мамлекеттик түзүмдөр үчүн долбоордун алкагында маалыматтар сакталган сервер түзүлөт. Анын жардамы менен фермерлер жана алар колдонгон ресурстар, айдоо аянттарынын түзүмүн көрүп турушат. Топурактын лабораториялык маалыматтары, ирригациялык системалар, фермердин тарых баяны, түшүм жыйноо боюнча биле алышат. Мындан сырткары, маркалоо жана фитосанитардык сертификаттар менен сапат сертификаттары серверге киргизилип турат.

Айыл чарба министрлиги бул долбоордун арты менен фермерлер эл аралык соода аянтчасына чыга турганын билдирүүдө.

Фермер үчүн артыкчылыгы:

  • Мамлекеттик кызматтарды ыкчам алат. Ишмердүүлүк тарыхынын негизинде жеңилдетилген кредит алуу мүмкүнчүлүгү;
  • Импортко квоталык негизде бажы алымдардан жана салыктан бошотуу (үрөн, көчөт, жер семирткич, атайын техника ж.б.у.с.);
  • Үрөндөрдү, жер семирткичтерди дотациялоо;
  • Натыйжалуу агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү жана айыл чарба маркетинги боюнча онлайн консультация берүү жана форумдарды өткөрүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0