Өспүрүм балдар. Архив

Айыкпайт десем карабай коесуңарбы? Балдар неврологу олуттуу дарт тууралуу

610
(жаңыланган 12:29 24.05.2019)
Гүлдана Талантбекова
Акыркы учурда балдар арасында кайсы нерв оорулары күч алды, аларды алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай? Дегеле шал, талма жана башка мээ илдетине кабылган балдардын ден соолугун калыбына келтирүү мүмкүнбү?

Бул туурасында Эне жана баланы коргоо борборунун Патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов менен маектештик.

Детский невролог Национального центра охраны материнства и детства, кандидат медицинских наук, ведущий специалист Министерства здравоохранения КР по педиатрии Нурмухамед Бабаджанов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Эне жана баланы коргоо борборунун Патология бөлүмүнүн неврологу, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухамед Бабажанов

— Балдар неврологиясындагы олуттуу үч ооруну атап бересизби?

— Кыргызстанда 30 миңге чукул мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Ошонун 32 пайызы нерв оорулары, 24 пайызы тубаса кемтиги менен төрөлгөндөр, алардын арасында  дагы нерв ооруларына байланыштуу кемтиктер бар, 16-17 пайызы психикалык жактар оорулуу, аң-сезими жетишпей, өнүгүп-өсүшү токтоп калгандар. Мындайча айтканда, мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң баланын 50 пайызы нерв илдеттерине байланыштуу дарт менен жабыркайт. Алардын ичинен көйгөйлүүсү — балдардын шал оорусу, талма жана ар кандай себеп менен майып болуп төрөлгөн балдар.

— Эмне себептен акыркы жылдары бул үч оору күч алды?

— Соңку кезде эле күч алды деп айтканга болбойт. Бул оорулар болуп келген. Акыркы убакта балдардын төрөлүүсү көбөйүп жатат. Жылына 150-160 миң наристе жарыкка келет. Мурдагыга салыштырмалуу дартты аныктоо жолдору жакшырды. Заманбап жабдыктардын көмөгү менен диагноздор так коюлууда. Ооруларды убагында аныктап балдар өлүмүн азайта алдык. Салмагы 1 килограммга жетпеген балдарды дагы аман алып калып жатабыз. Негизи дүйнөлүк практика боюнча ара төрөлгөн балдардын 60-70 пайызы мээнин ар кандай жетишпеген ооруларына кабылат.

— Балдардын шал оорусуна кабылгандардын көбү өмүрүн майып арабасында өткөрөрүн көрүп жүрөбүз. Бул оору айыкпаспы?

— Шал илдетинин жеңил жана оор формалары бар. Ал толук айыкпайт. Кээ бир ата-энелер мага "Айыгабы же жокпу?" деп суроо берет. Мен аларга "Айыкпайт десем эмне кыласыңар, карабай коесуңарбы"  десем, "жок" дешет. Диагноз менен эле жашоо бүтүп калбайт. Оору менен күрөшүү керек. Азыр реабилитациянын мүмкүнчүлүгү чоң. Шал балдарды айлана-чөйрөгө адаптациялаштырып, коомчулуктан ордун табууга көмөктөшүү керек.

Детский невролог Национального центра охраны материнства и детства, кандидат медицинских наук, ведущий специалист Министерства здравоохранения КР по педиатрии Нурмухамед Бабаджанов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Нурмухамед Бабажанов: мүмкүнчүлүгү чектелген 30 миң баланын 50 пайызы нерв илдеттерине байланыштуу дарт менен жабыркайт.

— Шал оорусунун себеби эмнеде?

— Себеби көп. Көбүнчө ата-эненин ден соолугунан болот. Энеси кош бойлуу кезинде өзүн жакшы карабай, текшерилбей коет же төрөт убагында кыйналып калышы мүмкүн. Буга атасы деле себеп. Тукум да кууйт.

Жеке оюмда, биз азыр тиричилик деп эле тытынып калдык, бул нерсе адамды чөктүрүп коет. Стресстин аркасы менен эмне деген гана оорулар жаралбайт. Эми эле май куюучу жайларды эркектер тейлеп калды, мурда май жыттап жаш кыздар иштечү. Кыз-келиндер ысык-суукта базарларда иштегенин көрүп жүрөбүз. Экологиянын бузулушу, туура эмес тамактануу, каны аздуулук далай ооруларга себеп.

— Талмага дагы токтоло кетсеңиз.

— Талма — баш мээнин оорусу. Ал гипоксия — кычкылтектин жетишсиздигинен, керектүү витаминдердин аздыгынан, төрөлүү убактысындагы кемтиктерден жана жаракаттардан болот. Талманын тукум кууган түрү бар. Дарылоодо жалаң таблеткалар колдонулат.

Баланы милдеттүү түрдө эки ай, алты ай жана бир жашында доктурга көрсөтүш керек. Дарыгерлер ички органдарынан тарта баш сөөгүнө чейин тартып беришет. Баланын кемчиликтерин бир жашына чейин тактап алуу керек. Андан кийин кечирээк болуп калат.

— Неврологиялык оорулар менен Кыргызстан толук түрдө күрөшүп жатабы?

— Минтип айтуудан такыр эле алысмын. Өлкөдө алты миңден ашуун шал оорусу менен жабыркаган бала бар. Аларды реабилитация кылган борборлор жетишсиз. Неврологдор аз. Ар бир облуста 1-2ден гана бар. Кара-Балта, Токмок шаарларында дээрлик жок. Ошондуктан Бишкекте чоң кезек болуп жатат. Андай учурда кароо сапатсыз болот. Невролог бир саатта 4-5 баланы караганга чамасы жетсе, биздин шарт менен 8-9 кишини кабыл алат. Айлыктын аздыгы да дарыгердин кендирин кесип коюп жатат.

Дагы бир маселе. 2000-жылы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна карап педиатрларды алып салышкан. Үй-бүлөлүк дарыгер универсал боло албайт. Бир жаштагы баланы дагы, 60 жаштагы кишини дагы көргөнгө мүмкүнчүлүгү жетпейт. Биз педиатрлар өзүнчө болушу керек деп келебиз.

Детский невролог Национального центра охраны материнства и детства, кандидат медицинских наук, ведущий специалист Министерства здравоохранения КР по педиатрии Нурмухамед Бабаджанов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бабажанов: баланы милдеттүү түрдө эки ай, алты ай жана бир жашында доктурга көрсөтүш керек

— Неврологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга ата-энесинин, коомдун мамилеси кандай болуп жатат?

— Бардык ата-эне баланын ден соолугун калыбына келтиргенге аракет жасайт. Беш кол тең эмес. Жакында эле бир келин күйөөсүнүн таштап кеткенин айтып берди. Эркек шал оорусу менен жабыркаган баласын "жакшы болоруна ишенбейм" деп кетиптир. Мындан улам ата-энелерди бекем болсо дейсиң. Бала ооруганда эне көбүнчө бардык нерсени жыйыштырып, баласына эле үйрүлүп түшүп калат. Ошонун айынан дагы күйөөсүнө убакыт бөлө албайт. Эркектерде жоопкерчилик күчөйт, ага баары эле чыдай бербейт.

Наристе кичинекей кезинде оорулуу экени билинбейт. Чоңойгондо түйшүгү көбөйөт. Кадыресе көтөрүп жүрүүгө туура келет. Өз баласына чыдабагандар да бар экен. Чоң ата, чоң апалары келин-баласы башка шаарга иштегени кеткенин айтышат. Бир четинен акча тапса, экинчиден баласынын оорусуна чыдабайт имиш...

Бейтаптарым менен байланышта болуп турам. Шал оорусу менен деле эч нерседен кем болбой окуп-чокуп, иштеп жүргөндөр бар. Бир бала азыр белгилүү блоггер болуп жүрөт. Аны апасы эл катары окутуу үчүн өзү мектепке пол жуугуч болуп ишке орношкон. Баласы 11ди алтын медаль менен бүттү. Бул апасынын күчү.

— Окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Жаштар үй-бүлөнү даярданып курса. Баланы дарыгерлерге текшертип турууну унутупаш керек. Эмдөөдөн баш тартпоого чакырам. Маселен, 1960-жылдары полиомиелит оорусу күч алган. 1993-жылы вакцинанын жардамы менен бир топ эле кыскартканбыз. Нерв оорусу менен жабыркаган балдардын иммунитети начар болгондуктан кошумча оору-сыркоону көтөрө албайт, эмдөө сөзсүз керек. Анын айынан кызамык өтүшүп кетсе, өпкө оорусуна алып келет. Ошондой эле мээнин энцефалит дагы оорусу жаралат. Ага ар кандай вирус, бактериялар же козгоочу микроорганизмдер себеп. Ооруну алып жүргөн кенелер дагы болот. Бул дарттан майып дагы болуп калышат.

610
Белгилер:
талма, майып, шал, оору, неврология, балдар, Нурмухамед Бабажанов
Тема боюнча
Сүннөттөн кийин 5 оору таптакыр жолобойт. Урологдун маеги
Өзгөчө кыз-келиндердин чүрөктөй сүрөтү менен жүрөк тилген баяны