Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи

© Фото / Абсамат ОрозбековСтроительство домов из СИП-панелей (SIP) в Кыргызстане
Строительство домов из СИП-панелей (SIP) в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СИП панель же канадалык ыкма менен салынып жаткан үйлөр учурда көпчүлүктү кызыктырууда. Мындай ыкма менен өлкөдө конок үй, ФАП, дүкөн жана турак үйлөр курула баштады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги СИП панелден үй салуунун жол-жобосун, ага канча каражат сарпталарын жана мындай ыкма тийиштүү адистердин текшерүүсүнөн өткөн-өтпөгөнүн сураштырып көрдү. 

© Фото / Абсамат ОрозбековКанадалык технология менен үй салууда негизи материал катары СИП панель колдонулат.
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
Канадалык технология менен үй салууда негизи материал катары СИП панель колдонулат.

Тез бүткөн үйдүн кардарлары

Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Элбар Бостеков былтыр СИП панель менен эки кабаттуу үй салдырган. Айтымында, мындай үйлөр кышкысын жылуу, жайкысын салкын болот.

"Үйүмдү башка ыкма менен салдырсам деп ойлоп жүргөм. Бир күнү интернеттен СИП панель менен там салуу тууралуу видеоролик көрүп калып, атайын адистерге кайрылдым. Алар үч айдын ичинде курулуш иштерин бүтүрүп ачкычын колума карматышты. Кирпич менен салынган үйлөргө караганда алда канча аз каражат сарпталат экен. Жылуу дагы, кышында эки кабатты тең бир эле жылыткыч жылытты", — деди Бостеков.

Ал 180 чарчы метрлик эки кабаттуу үйүн курууга 43 миң доллардын тегерегинде акча кеткенин кошумчалады.

СИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин жетекчиси Уларбек Бакырдиновдун айтымында, мындай үйлөрдү курууга кызыккандар көп. Там эле эмес, СИП панель менен конок үй, эс алуучу жай, ФАП салдыргандар бар экен.

"Биринчи объектибизди 2016-жылы декабрь айында Кемин районуна турак үй кылып куруп бергенбиз. Кара-Балта шаарында колунда жокторго бекер 35 батир салынды. Ошондой эле аймактарга ушул технология менен ФАПтарды куруудабыз. Былтыр алыскы Ат-Башы районунун Чар деген жайлоосуна 14 бөлмөлүү, эки кабаттуу конок үйү курулду. Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн жээгине коттедж салууга да буйрутмалар түшүп жатат", — деди Бакырдинов. 

© Фото / Абсамат ОрозбековСИП панель менен конок үй, эс алуучу жай, ФАП салдыргандар бар экен. Бул Ысык-Көлдүн жээгине курулуп жаткан эс алуу жайы
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
СИП панель менен конок үй, эс алуучу жай, ФАП салдыргандар бар экен. Бул Ысык-Көлдүн жээгине курулуп жаткан эс алуу жайы

СИП панель менен там салуунун жол-жобосу:

Канадалык технология менен үй салууда негизи материал катары СИП панель колдонулат. СИП панель— бул ОСП-3 жыгачтарынын ортосуна пенополистирол коюлуп, эки компоненттүү клей менен чапталган курулуш материалы. Башкача айтканда, үйдүн дубалы толук ошол панель менен тургузулат.

СИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин прорабы Нуржигит Канаев жыгач үйлөр кандай куруларын түшүндүрүп берди:

— жыгач үйдүн пайдубалы кадимки үйлөрдүкүнөн эч нерсеси менен айырмаланбайт. Аны курууда шагыл жана цемент колдонулат, бирок бир айырмачылыгы — пайдубал кирпичтен же топурактан салынган үйлөрдүкүндөй калың жана чоң болбойт. СИП панелден салынуучу үйгө ичке пайдубал куюлат;

Калькулятордо турган оюнчук үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте кандай батирлер арзандады? Кыймылсыз мүлк рыногуна саресеп
— андан соң фундаменттин үстүнө 15х5 см болгон тактайлар анкердик болттор менен бекитилип, ага панелдер отургузулуп, сыртынан да, ичинен да буроолор менен бекийт. Үйдүн негизги дубалдары тургузулган соң бөлмөлөр аралык панелдер коюлат. СИП панелди полго да төшөөгө болот, мындан улам тикесинен турганда 10 тоннадан, ал эми жалпагынан жатканда 2 тоннадан ашык жүк көтөрө алат. Эки кабаттуу үй салынгыдай болсо, үстүңкү кабаты же чатыры да жыгач панель менен тургузулуп кете берет;

— жыгач панелдер тургузулган соң бөлмөлөрдүн ичиндеги дубалдарга гипсокартон бекитилет. Электр зымдары гипсокартонго кошо коюлуп кетет;

— шыбактан кийинки шпатлевка үй ээсинин каалоосуна жараша болот;

— полго каражатка жараша паркет, ламинат же линолеум төшөлүп, керме шып тартылат;

— үйдүн сыртына темир торлор коюлуп шыбалып, андан соң үй ээси каалагандай кооздоп алат. 

© Фото / Абсамат ОрозбековСИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин жетекчиси Уларбек Бакырдиновдун айтымында, бул технология менен үй салуу кирпич менен там куруудан кыйла арзан
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
СИП панель менен имарат куруу компанияларынын биринин жетекчиси Уларбек Бакырдиновдун айтымында, бул технология менен үй салуу кирпич менен там куруудан кыйла арзан

Мындай үй салууга канча каражат кетет?

Уларбек Бакырдиновдун айтымында, бул технология менен үй салуу кирпич менен там куруудан кыйла арзан. Адис 76 чарчы метр көлөмдөгү үйдүн чыгымын эсептеп берди.

"76 чарчы метр мансард түрүндөгү үйдү ички жасалгасы, жуунучу жай, ванна жана башка майда-чүйдө иштери менен толук 19 000 долларга бүтүрүп алса болот. Башкача айтканда, эгер үйдүн дубалын тургузуп чатырын эле жаап берсе, 1 чарчы метр жер 150 долларга, ал эми ичи-тышын толугу менен бүтүрүп жасалгаласа, 1 чарчы метри 250 долларга бааланып калат", — деди Бакырдинов.

Мансард түрүндө салынган үй
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
Мансард түрүндө салынган үй

Талас облусунун Үр-Марал айылына салынган бул үйдүн көлөмү 122 чарчы метр, ичиндеги ремонтун кошпогондо 26 500 доллардын тегерегиндеги каражатка бүткөн. 

© Фото / Абсамат ОрозбековБул үйдүн көлөмү 122 чарчы метр, ичиндеги ремонтун кошпогондо 26 500 доллардын тегерегиндеги каражатка бүткөн.
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
Бул үйдүн көлөмү 122 чарчы метр, ичиндеги ремонтун кошпогондо 26 500 доллардын тегерегиндеги каражатка бүткөн.

Артыкчылыгы

Прораб Нуржигит Канаев мындай үйдүн артыкчылыгы кышында жылуулукту сактап, жайкысын үй ичин салкын кармайт дейт.

"Кирпич менен үй салганда анын сыртынан кайра пенопласт менен жылуулап жатпайбызбы. Ал эми СИП панель бир эле учурда дубалдын да милдетин аткарып, жылуулукту да сактайт", — деди прораб.

Ал СИП панель менен курулган үйлөр жер титирөөгө да туруктуу келерин айтып, тез арада бүтөрүн кошумчалады.

"Кирпич, монолит, темирден курулган үйлөр бар. Аларга салыштырмалуу СИП панель менен үйлөр бат салынат. 1,5-2 ай ичинде бүтүп калат. Бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө угулбайт. Мындай тамдар жеңил болуп, конструкция сыяктуу салынгандыктан боз үй сыяктуу чечип көчүрүп кетсе болот", — деди Канаев. 

© Фото / Абсамат ОрозбековКанадалык технология менен салынган ФАП
Арзан жана тез! СИП панелден там куруунун күнгөй-тескейи - Sputnik Кыргызстан
Канадалык технология менен салынган ФАП

Өрткө канчалык туруктуу?

Бакырдинов СИП панель менен үй курдура турган кардардын дээрлик бардыгы ушул суроону берерин жана бул курулуш материалы канчалык өрткө туруктуу экенин түшүндүрүп берди.

"СИП панель ширеңке чагып койсо эле өрттөнүп кетпейт. ОСП-3 жыгачы атайын текшерүүдөн өткөн. ОСП-3 жыгачтардын ортосуна пенополистирол коюлуп, өрткө каршы антипирен деген химиялык зат чачылат. Бул жыгач 800 градус ысык отко чыдайт. Мындан сырткары, СИП панель менен үй курууда ичине толугу менен гипсокартон бекитилип чыгат. Ал эми гипсокартон 100 пайыз күйбөй турган материал", — деди Бакырдинов.

Ал СИП панель бир тоннадан ашык жүктү да көтөрө аларын жана ОЗВ-3 жыгачы тактайдын ийне сыяктуу калдыктарынан чогултулгандыктан аны чычкан жей албай турганын кошумчалап кетти. 

Кемчилиги

СИП панель менен үй куруу боюнча азырынча Кыргызстанда мыйзамдык норма жок.

Кыргызстандыктар кайда жашайт - Sputnik Кыргызстан
Үй алууга акча жетпейт. Бишкектегилердин канчасы ижарага алган турак жайда жашайт
СИП панелден үй салган компания өкүлдөрү Кыргызстанда мындай ыкма менен үй курууга уруксат алуу үчүн тиешелүү мекемелердин тестирлөөсүнөн өтүп жатканын айтышты.

Аталган курулуш материалдан салынган үйлөрдү камсыздандыруу компаниялары эгер үйдүн техникалык паспорту болсо камсыздандырышат экен. Ал эми көпчүлүк банктар мындай турак жайларды күрөөгө алып көрө электигин айтышты.

Баса, Кыргызстанда контейнерден курулган үйлөр да бар. Мындай курулуштун артыкчылык-кемчилигин байкап көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0