На окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы

Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайы ачылат. Асмандан тартылган сүрөт

181
(жаңыланган 16:27 24.05.2019)
Учурда полигонду куруу иштери кызуу жүрүүдө.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анын пайдубалын түптөөгө калаа башчысы Азиз Суракматов, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты.

  •  На окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы
    Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • а окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы
    Анын пайдубалын түптөөгө калаа башчысы Азиз Суракматов, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  •  На окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы
    Жаңы полигондун курулушу электр линияларын тартууга уруксат алынгандан кийин 7-майдан тарта башталган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  •  На окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы
    Азыр жерди бургулап, суу чыгаруу жана полигондун өзүнүн курулушуна уруксат алуу иштери жүрүп жатат.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  •  На окраине Бишкека началось строительство мусорного полигона — состоялась закладка капсулы
    Бүгүнкү күнү иштеп жаткан таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерин аткаруу үчүн иликтөө-долбоорлоо иштери жүрүүдө.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталган

Жаңы полигондун курулушу электр линияларын тартууга уруксат алынгандан кийин 7-майдан тарта башталган. Азыр жерди бургулап, суу чыгаруу жана полигондун өзүнүн курулушуна уруксат алуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнү иштеп жаткан таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерин аткаруу үчүн иликтөө-долбоорлоо иштери жүрүүдө.

"Иштеп жаткан полигондун жанына учурда Агрардык институт менен биргеликте сынамык иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сепкен. Эгер эксперименттин жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, таштанды жайы толук рекультивация жасалгандан кийин анын үстүнө дал ушундай өсүмдүктөр айдалат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкы менен насыялык жана гранттык келишимдин алкагында "Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорун ишке ашырып жатат.

2019-жылдын башында долбоор боюнча сегиз келишим түзүлүп, учурда анын беш долбоору толугу менен аягына чыкты. Калган үч долбоор аткарылууда.

Эске салсак, 26-апрелде жаңы санитардык полигондун аймагына таштанды ылгоочу завод куруу боюнча тендер жарыяланган, https://sputnik.kg/economy/20190425/1044108086/mehriya-tashtandy-zavod-tender.html анын жыйынтыгы июнь айынын соңунда белгилүү болот.

181
Белгилер:
Бишкек, таштандылар сакталган жай, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Таштанды конокторду качырат! Маданият министрлигинин социалдык ролиги
Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок