Күндөлүгүн окуп шок болдум! Кайнагасынын кызын багып алган келиндин каты

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында тууганынын кызын багып алып, учурда кыйчалыш абалда турган келиндин каты жарыяланды.

...Бир топ жыл мурун кайнагамдын аялы каза болуп калып, төрт жашар кызын биз багып алганбыз. Бул нерсе кандай жагдайда болгонун башынан айтып берейин. Абысыным көпкө ооруп жүрдү, өлөрүнө аз калганда кызын бизди багып алсын деп айтыптыр. Анткени биз жаңы үйлөнүп, балалуу болгон кезибиз болчу. Алгач жолдошум макул болгон жок. Тууган арасында жаман-жакшы айтышып калабыз деп баш тартып койду.

Тематический парк Isla Magica в Андалусии - Sputnik Кыргызстан
Бир түнөгөндөн кийин эле кыз жакпай калат, эми үйлөнбөй каламбы? Жигиттин каты
Анда кыз үч жашта болчу. Бир жыл туугандар арасында колдон-колго өтүп жүрдү, бир учурда тайлары дагы баккан. Акыры мен боорум ооруп, жок дегенде бир үйдө чоңойсун, уулубузга эже болот деп жолдошумду макул кылдым.

Андан кийин өзүбүз дагы бир уулдуу болдук. Үчөөнү тең бирдей карап, эч нерседен кем кылбай багып келе жатабыз. Атургай атасы расмий түрдө баш тартканынан, өзүбүзгө каттатып алганбыз. Бирок кызын ортодо чайналтып өз атасы кичине кезинде келе берчү.

Ошондо кайнагама, жолдошумдун туугандарына "биздин бала бойдон калсын, эч нерсе деп айтпагыла, кичинесинен баланын психикасын бузбагыла" деп айта берип жаман көрүнгөм. Чындыгында биз кызды тартып алган жокпуз да, кенедей неме ар кайсы жерде каралбай калганынан жакшы тилек менен жоопкерчилигин алганбыз.

Андан бери жылдар өтүп, кызым азыр 7-класста окуп жүрөт. Акыркы кездерде кыялы өзгөрүп, мени адам катары көрбөй калды. Башында өткөөл куракта да, өтүп кетер деп унчуккан жокмун.

Бирок өткөндө күндөлүгүн капысынан таап алып, окуп чыктым. Ал жакка мени, инилерин жек көрөрүн, өз өмүрүн кыйгысы келгенин, дагы үй-бүлөбүз тууралуу толгон-токой жаман нерселерди жазыптыр. 14 жаштагы кыздын оюнда ушунча нерсе бар экенине өзүм шок болдум.

Пара в Канзас-Сити - Sputnik Кыргызстан
Агам экенин айтып коюшса, сүйбөйт элем го... Жаш кыздын жүрөк тилген каты
Көп өтпөй эле өзү менен сүйлөштүм. "Эмнеге мындай болуп жатат?" десем, "мен баарын билем, сиз менин апам эмессиз" дейт. "Билсең макул, бирок биз сени өз кызыбыздай көрөбүз. Эгер чындап эле бизди көргүң келбей калса, анда атаңа жиберели, же башка туугандардыкына барып жашап көр" деп сунуштадым. Унчуккан эмес. Эми болсо мен бир нерсе айтсам укпай, ачык эле "ишиңиз эмне, сиз мага эч ким эмессиз?" дегенге өттү. Менин коркконум, азыртадан ушундай кылып жатса, чоңойсо эмне болот? Башкасына чыдашым мүмкүн, бирок оюндагысын кылып өзүнө кол салып алса кантем? Жолдошума "чоңоюп калды, башка туугандарга жөнөтөлүк" десем, "тим кой, артыбыз таза болсун" дейт. Артыбыз таза болгудай биз күнөө кетирдикпи? Азыр башымды оорутуп жатканы эле атасына жиберсекпи деген маселе. Өзүм дагы ойлоно берип, чүнчүп баратам.

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Бул эне баланы жакшы ниет менен алып, өз канынан чыккан балдарга бир тууган болсун деп тилек кылыптыр. Бирок жашоодо бардыгы эле биз ойлогондой идеалдуу боло бербейт.

Илимий көз караш менен айтканда, баланын бакма экенин өзүнө билдирбейм деген учурда 4 жаш өтө кеч. Анткени адамдын мүнөзү ага чейин эле калыптанып, айрым нерселер эсинде калат.

Экинчиден, кыз учурда тагдырга таарынып турганы байкалууда. Анүстүнө өткөөл куракта мындай нерселер боло берет. Балким, кыз аны жарык дүйнөгө алып келген ата-энеси менен жашаган күндө деле ушул куракта кыялы чатагыраак болмоктур. Андыктан болуп жаткан нерсени түшүнүү жана чыдамкайлык менен кабыл алуу керек.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайним үйлөнөлү деп айламды кетирди... Эки анжы ойдо жүргөн келиндин каты
Күндөлүк тууралуу айтсак, өспүрүм ага оюн жазып, ичинде болуп жаткан нерсесин төккөнү жакшы. Демек, ичиндеги бугун чыгарып жатат. Өкүнүчтүүсү — эне аны окубай эле койсо болмок. Болгону өзүнүн жүрөгүн оорутуп алды.

Эң негизги суроого жооп берсем, эне "кетип калат же жанын кыят" деп кыздын көзүнчө санааркап жатканын көрсөтпөй, мурдагыдай эле тынч жашай бериши керек. Анткени ата-эненин коркконун бала сезет. Андан көрө мурдагыдан дагы көбүрөөк мээрим төгүп, жакыныраак болгону туура.

Урматтуу каттын автору, сиз кызды багып алып, кудайга жаккан иш кылгансыз. Бирөөнүн баласына ушунчалык мээрим төгүп, өзүңүздүкүндөй кабыл алганыңыз — эрдик. Сиз колдон келгенин кылдыңыз, мындан аркы жашоосу кыздын өз тандоосу. Өзүңүздү жемелебеңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0