Бөлмөгө киши түнөтпө! Эс алуудагы мейманканада жашоо этикети

© AFP 2023 / STEPHANE DE SAKUTINМейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив
Мейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл өткөн сайын чет өлкөдө эс алган кыргызстандыктардын саны көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Албетте, бул жакшы жышаан. Тууган-урук, жоро-жолдоштордун эл көрүп, жер көрүп жатканы жакшы да.

Негизи кандай өлкө болбосун көпчүлүк учурда мейманканага жайгашасың. Чет өлкөгө алгачкы жолу же көп чыкпаган киши үчүн бул дагы маселе жаратышы мүмкүн. Анткени мейманканада жүрүүнүн өзүнчө жол-жоболору, жазылбаган эрежелери бар.

Алар тууралуу Sputnik Кыргызстанга этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Жакшылап тандаңыз

Фестиваль Этно Фест в селе Тон - Sputnik Кыргызстан
Тоо-таш душмандыкы эмес! Жаратылышта эс алуу боюнча 7 кеңеш
Кайсы өлкөгө барсаңыз дагы конок үйүн күн мурун тандап, анын абалы менен таанышыңыз. Азыр интернетте каалаган отелдин сайты, сүрөттөрү, видеолору, сунуштаган кызматтары, атургай конокторунун пикирлери дагы бар. Ал жакка жеткенде бир нерсе жакпай калбашы үчүн баарын тыкыр карап чыгыңыз. Кийин бөтөн жерде чоң чемоданды сүйрөп алып, башка мейманкана издөө оңой эмес. Өзгөчө жаныңызда кичине бала болсо.

Бөлмөгө "конок" тоспоңуз

Чет жерде улуттук өзгөчөлүгүбүз болгон меймандостукту токтотуу керек. Тагыраагы, бөлмөгө бирөөлөрдү чакырып алып, бакылдап-шакылдап отуруп, түнөп калмай деген нерсе таптакыр болбошу зарыл. Бул отелдин шарттарын бузат. Кээ бир жерлерде айып пул төлөшүңүз дагы мүмкүн. Такыр эле болбой калса, ресепшн кызматына барып абалды түшүндүрсөңүз, бир айласын табышат.

Тазалык

Тазалык сиздин мойнуңузда эмес, бирок жыйнактуураак болгондун зыяны тийбейт. Кийим-кечекти шкафка, таштандыны челекке салып койсоңуз ашыкча болбойт. Ал эми жаткан төшөктү жыйнайсызбы же ошол бойдон таштайсызбы, өз эркиңиз. Көпчүлүк мейманканаларда сиз иреттеп койгон учурда дагы өздөрү кайра жыйнап, кычырата кыр чыгарып коюшат.

Баса, бөлмөнү тазалаткыңыз келсе, эшиктин сырткы кармоочуна "Бөлмөнү тазалап коюуну суранам" (Рlease clean my room) деген кагазды илип коюу керектигин билсеңиз керек. Бирок айрым учурда ал ууру-кескилерге жем таштайт. Андан көрө тазалоочу кызматкердин өзүнө айтканыңыз оң.

Алсамбы, албасамбы?

Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жол — подиум эмес, ылдам бас! Көчө этикети боюнча 10 кеңеш
Номердеги бардык эле нерсе бекер боло бербейт. Мисалы, чакан бардагы ичимдикти ичип, таттууларды жеп койсоңуз, кетип баратканда акысын төлөш керек болот. Муну билип, чөнтөгүңүздө акча болуп турса деле шашылбаңыз. Жакын жердеги дүкөндө бул нерселер эки эсе арзан турат.

Эми жуунучу бөлмөгө өтөлү. Бир жолу колдонуп ыргытып ийчү тыпырайган самындар, тиш жуучу паста, шампунь... Мындай нерселер үйдө толуп турса деле, адам баласы ачкөздөнүп алып кеткиси келе берет. Балким, мейманканадан эстелик болсун дейби, же бирөөгө белек кылам дейби, айтор, адамдын психологиясы татаал нерсе. Бактыга жараша, көпчүлүк отелдер жуунуучу каражаттарды алып кетишиңизге каршы эмес. Атургай "S" тамгасынан башталган нерселер баш-оту менен кардардыкы" деген эреже бар. Буга shampoo (шампунь), shower gel (душ гели), shower cap (жуунуп жатканда башка кийип алчу желим топу), soap (самын), slippers (бөлмөдөн кийчү тапичке) кирет. Ал эми халат, сүлгү, идиш-аякты ала көрбөңүз. Кармалып калсаңыз уят болосуз.

Чай пул

Мейманканада чай пул өзүнчө кеп кыла турган тема. Көпчүлүк өлкөлөрдө кызмат көрсөткөн адамга чай пул берүү кылымдардан бери калыптанган салт. Ансыз болбойт. Сиз бара жаткан өлкөдө чай пулдун өлчөмү канча экенин алдын ала билип алыңыз. Жалпысынан айтса кетсек, көпчүлүк мамлекеттерде чемоданды бөлмөгө жеткирип берген кызматкерге 1-2 доллар жетиштүү. Ал эми тазалоочу кызматкерлердики мейманкананын макамына жараша. Мисалы, үч жылдыздуу болсо, 2-3 доллар, төрт же беш жылдыздуу болсо, 5 доллардын тегереги.

Тынч болгула!

Мейманканада узак жолдон кийин эс алгандар, маанилүү иш-чарага даярдангандар же жөн гана сүйүктүүсү менен тынчтыкта убакыт өткөрүп жаткандар бар. Аларга кыйкырык-өкүрүктүн түк кереги жок. Айланадагыларды сыйлап, тынчыраак болууга аракет кылгыла.

Тамактануу

Коомдук транспорт күтүп жатан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орун берген соң бир жылмайып кой! Коомдук транспортто жүрүүнүн 9 эрежеси
Дүйнөдөгү көпчүлүк мейманканалар өз конокторун эртең мененки тамак менен камсыз кылат. Ал эми түшкү жана кечки тамакты ушул жерден ичкиңиз келсе, өзүнчө акы төлөйсүз.

Анткен менен атайын туристтик программалар аркылуу All inclusive системасында ("Бардыгы камтылган") иштеген мейманканалар бар. Бул үчүн турист тамак-аштын акчасын жолдомого кошуп төлөйт.

Баса мейманканадагы "швед дасторконунда" тамактануунун дагы ашканадан тамак алып чыкпоо, өзүн-өзү токтоо кармоо деген сыяктуу өз маданияты бар. Кененирээк Sputnik даярдаган макаладан таанышсаңыз болот.

Акыркы күн

Мейманканадан кетүүнүн өз шарттары жана убакыт-сааты болот. Адатта саат түшкү 12ге чийин номерди толугу менен өткөрүп берүү керек. Ал убакытка жетишпей калсаңыз, кийинки суткага төлөп калышыңыз мүмкүн. Андыктан кечиге турган болсоңуз, алдын ала эскертип сүйлөшүп алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0