Ишкек Бактыгүл Аскералиева

Миллиондор айланган бизнес түптөдүм. Сейрек кесип ээси Бактыгүлдүн ийгилиги

11924
(жаңыланган 15:55 25.05.2019)
Асель Минбаева
27 жаштагы Бактыгүл Аскералиева студент кезинде бир жыл бою журналистика факультетине которулууну самап жүрүп капыстан агроном болуп калган. Ал кыялы ишке ашпаганы менен, азыр кыздар арасында барктуу деп саналбаган кесибинин өтөөсүнө чыгып, миллиондор жүгүртүлгөн бизнес баштаган.

Бактыгүл Аскералиеваны Кыргызстандын булуң-бурчунда таанышат. Агроном кыз бир нече жылдан бери топурак жана өсүмдүктөр үчүн дарылоочу каражаттарды ташып келет. Бактыгүл абдан аз көлөм менен иш баштап, бүгүнкү күндө бир эле убакта төрт өлкөнү ушул багытта жабдыйт!

— Шаардык кыздардын агроном болушу чанда кездешчү көрүнүш го. Сиз бул кесипти кантип тандап калдыңыз?

— Мен дайым Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде жогорку билим алгым келчү. Адегенде журналист болуп чыгам деп ойлогом. Бирок экзамендин жыйынтыгы менен ал бөлүмгө өтпөй каламбы деп да чочуладым. Курбуларым бөлүмдөрдү тандоодо "агрономияны" да белгилөөгө кеңеш берди, абитуриенттер арасында ал багыт өтө сейрек тандалат экен.

Акыры баары бир журналистика факультетине кире албай калдым, ал эми агрономияга сынактын жыйынтыктары боюнча өттүм. Башта азырынча ошол бөлүмдө окуп, кийин бөлөк адистикке которулуп кетем деп жүрдүм. Анан көнүп кеттим.

— Окуш оор беле?

— Даярдоо курсунда 40 бала болсок, алтообуз гана колубузга диплом алдык. Анан өзүңөр талдап көргүлө. Химия, биологияны тыкыр изилдеп, кайсы өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, оорусу бар, алар менен кантип күрөшүү зарылдыгын так түшүнө билүүгө тийишсиң.

Бизнесвумен Бактыгуль Аскералиева
© Sputnik / Асель Акматалиева
Бактыгүл азыр кыздар арасында барктуу деп саналбаган кесибинин өтөөсүнө чыгып, миллиондор жүгүртүлгөн бизнес баштаган

— Кыргызстанда агрономдор болуп көрбөгөндөй жетишсиз экени чынбы?

— Өтө жетишсиз! Төрт жыл мурунку бир окуяны айтып берейин. Ошол тушта өлкө боюнча күнөскана куруу кеңири жайылган. Эл жапырт күнөскана курууга киришти, болгону аны кантип куруу керектигин тереңден билген бул багыттагы сабаттуу адис жок эле.

Акыры агрономдорду сырттан чакырта башташты. Алар өз кеңештери үчүн айына 3 миң доллардан алчу! Бул ушундай кымбат иш.

Айрымдары биздин фермерлердин билбестигинен пайдаланып, керексиз эле каражаттарды асман чапчыган баада саткан. Мисалы, жер семирткичтин 5 долларлык пачкасын алар 45 долларга сатуудан айбыгышкан эмес!

— Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин ишке орношуу жеңил болдубу?

— Жок, башым маң эле, кайда барарымды элестете да албадым. Бизди жаңы жабдыктар менен окутушкан, ал эми Кыргызстанда алардын эскилиги жеткен, баары эзелки СССРден калган.

Айыл чарба көргөзмөлөрүнүн биринде талаачылык иштерине пайдаланылчу техника саткан түрк ишканасынын өкүлдөрү менен таанышып калганым ойлорумду топтоого көмөкчү болду.

Жарым жылча ал жакта иштедим. Тилекке каршы, бул кыз кишиге туура келбеген иш, товардын техникалык мүнөздөмөлөрүн канчалык жакшы билсең деле фермер мырзалар сени кабыл алышпайт. Биздин менталитет азырынча ага даяр эмес.

Төрт жыл мурун фермерлерге жер семирткич, каражаттарды өндүргөн түрк ишканасына ишке кирдим. Өлкөнү көп кыдырып, үрөй учурган жагдайларга күбө болдум.

Чирип бараткан капуста талаасын көрдүм бир жолу. Анын ээси: "Капустанын килосун болбогон 30 тыйынга сурашат. Аны өстүрүүгө ансыз да толгон эмгек жумшадык. Түшүмдү жыйнап, базарга ташысам, таба турган акчадан көп чыгым тартам. Андан көрө талаада чирисин", - деп каңырыгы түтөйт.

Бул канчалык татаал эмгек экендигин, кирешесинен да тобокели көп экенин аңдадым. Багбандар түшүм алуу үчүн болгон каражатын да, күчүн да жумшап келип, жыйынтыгында белгисиз бир зыянкеч пайда болуп, баарын талкалап кеткенин, дыйкандар сызга отуруп калганын көрдүм.

Мындан тышкары, биздеги болгон агрохимиянын 96 пайызга жакыны Кытайда өндүрүлөт. Товардын сапатын текшерүү татаал, андыктан фермерлер тобокелге салып ала беришет. Жер ээлери сапаттуу жер семирткичтерди өз чөнтөгүнө туура келгидей баада сатып алуусуна жол ачуу үчүн Түркиядан ташууну чечкем.

Бизнесвумен Бактыгуль Аскералиева
© Sputnik / Асель Акматалиева
Аскералиева: Даярдоо курсунда 40 бала болсок, алтообуз гана колубузга диплом алдык

— Кыргызстандыктар сиздин товарды баалай билди десек болобу?

— Ооба. Биринчи партиясы 50 миң доллар турчу, аны тез сатып бүтүү керек эле. Ошол убакта кеңсем да, мага жардамдашчу киши да жок болчу. 200 куту, фермерлердин телефон номерлери, анан бул ишти кайдан да баштай койдум деп дүрбөлөңгө түштүм.

Ал каражат февралдан майга чейин, өсүмдүктөр гүл ачканга дейре колдонулушу керек эле, ал эми жүк июль айында келди. Бирок "көз коркок, кол баатыр" эмеспи. Аябай начар абалдагы бир кампа таап, жүктүн баарын түшүрүп, анан фермерлерге телефон чала баштадым.

Андай талап болорун чындап күткөн эмесмин! Эки айдын ичинде 30 миң долларга жер семирткич саттым. Ошондо эки кызматкер алдым.

Ушул тапта азыр бул ишим көп миллиондук жүгүртмөгө жетти, бул багыттагы каражаттарды Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга да жеткирем. Товарды фуралар менен ташыйбыз. Жарнамага же таанытууга бир тыйын коротпосом деле азыр Кыргызстандын дээрлик бардык фермерлери билип калды.

— Бизде азыктар экологиялык жактан таза дегенди көп угам. Фермерлердин химиялык каражаттарга акчасы жок, ошондуктан бизде баары сонун дешет.

— Бул таптакыр андай эмес! Дароо айтып коёюн, дээрлик ар бир фермер менден селитра менен аммофос сурайт. Кайдагы органика? Эреже боюнча гектарына 150 килограмм гана селитра колдонуу керек болсо, бизде 500 килограммга чейин чачышат! Албетте, мунун баары анан топуракта сакталып калат.

Фермерлер интернетти жакшы пайдаланып калышты, бардык заманбап саамалыктардан кабардар. Каалаган каражатты сатып алуу азыр оңой.

Бизнесвумен Бактыгуль Аскералиева
© Sputnik / Асель Акматалиева
Аскералиева: кээ бир адистер жер семирткичтин 5 долларлык пачкасын 45 долларга сатуудан айбыгышкан эмес

— Ошентсе да аларды кантип колдонуудан көп кишинин түшүнүгү да жок деңиз!

— Көйгөйдүн баары ушунда, агрономдор бизде дээрлик жокко эсе. Ар бир сатып алуучу талаасына барышымды өтүнүп, кеңештерим үчүн жакшы төлөп берүүгө убада беришет.

Алма боюнча мисал келтирейин. Карапайым сатып алуучу бул жемиштин курту болбосо, анда бул кандайдыр бир химиялык жана зыяндуу азык деп эсептейт. Бирок экинчи жагынан да курт түшкөн алманы эч кимдин сатып алгысы келбейт! Чындыгында бул эскирген көз караш. Эгер бакчаны мөмөлөр нокоттун көлөмүнчөлүк кезинде химиялык каражаттар менен тазалап чыксак, зыянкечтер да жоголот, ал эми химикаттан 20 күндөн кийин из да калбайт.

Бул жер семирткичтердин баарын убагында колдонуу зарыл, ал эми бизде зыянкечтер түшүмүн жей баштаганда гана фермер талаасына химия чачып, бир нерсе сактап калууга жан үрөп калат.

— Эч кандай каражат колдонбой туруп, жашылча-жемиш өстүрүүгө болобу?

— Эгер жеке бир үй-бүлө үчүн гана өстүрүлсө, анда болот. Ал эми көп өлчөмдө болсо, баары бир зыянкечтер чыгат. "Органикалык" деп өсүмдүктөрдөн жасалган табигый жер семирткичтерди колдонуу менен өстүрүлгөн азыктар аталат. Алар кадимки каражаттардан 3-4 эсеге кымбат.

— Биздин фермерлер Кыргызстанда топурактын өтө арыктап кеткенин айтып келишет. Буга макулсузбу?

— Бизде мыкты, түшүмдү көп берген жерибиз бар, бөлөк өлкөлөрдөгү жерди көрө элек экенсиңер! Болгону ага өтө аяр мамиле кылуу абзел. Жылдан-жылга бир эле жерге картошка айдай бердиңиз дейли. Топуракта акырындап картошкага гана зыян келтирген мителер топтоло берет да, түшүм начарлагандан начарлайт.

Эгер кийинки жылы ал жакка дан эксек, келерки жылы кызылча, жүгөрү же буурчак өсүмдүктөрүн өстүрсөк, топурак арыктабайт. Жерлерибизди сактап калсак болот!

Бизнесвумен Бактыгуль Аскералиева
© Sputnik / Асель Акматалиева
Аскералиева: төрт жыл мурун фермерлерге жер семирткич, каражаттарды өндүргөн түрк ишканасына ишке кирдим. Өлкөнү көп кыдырып, үрөй учурган жагдайларга күбө болдум

— Кыргызстандык фермерлердин эң башкы көйгөйүн атасаңыз.

— Маселенин баары сатып өткөрүүдө жатат. Дыйкандар алган түшүмүн кантип өткөрөрүн билбей башы катат. Мисалы, азыр алма бак отургузууга болот. Бир-эки жыл мурун биз Россия менен Казакстанга жемиш сатчубуз, ал эми азыр алар өздөрүн өздөрү камсыздай алышат.

50 гектар алма багы бар фермерди тааныйм. Узак жылдардан бери казак ишканаларынын бирине өткөрүп келген экен. Былтыр сатып алуучу келип: "Алмаңды сатып алам, бирок мурдагыдай баа бере албайм, мага арзан керек", – деп жарга такайт. Анан багбан эмне кылсын, алманы сактай турган кампасы же муздаткычы болбосо... Сыртка сатып өткөрө албаганыбыздан улам түшүм кампаларда чирийт. Мамлекет фермерлерге жардам берүүгө тийиш, анткени жалгыз башы менен ал көйгөйдү чече албайт.

Дагы бир кыйынчылык — дыйкандардын эмне айдоо керектигин түшүнө билбегендиги. Биздин фермерлер чабыр келет. Мамлекеттик органдардын аларга жардам бериши өтө маанилүү, баары бир айылдарда өлкө калкынын 66 пайызы жашайт эмеспи.

11924
Белгилер:
алма, дыйкан, жашылча-жемиш, топурак, жер семирткич, агроном, ишкердик, Кыргызстан
Тема боюнча
Үй куруп АКШ рыногуна киргени жатабыз. 5 компания ачкан айылдык жигиттин маеги
Ишкер Алмаз Арапов чет өлкөдө акысыз, арзан окуунун сырын айтып берди. Маек