Диетасыз эле салмакты бир нормада сактоо жолдору белгилүү болду

© AFP 2023 / ANWAR AMROСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын изилдөөгө 18 жаштан 65 жашка чейинки 111 киши катышкан.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Американын Джорджия университетинин окумуштуулары таразага такай түшүп туруу арыктоого же салмакты бир калыпта сактап турууга жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Ожирение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Чоң курсактан бир айда кантип арылса болот. Адистердин аныктамасы
Адистердин айтымында, такай таразага түшкөн киши ичкен-жеген тамактарына катуу көз салышат. Атайын изилдөөгө 18 жаштан 65 жашка чейинки 111 киши катышкан. Окумуштуулар аларды учурдагы салмагын сактоо керектиги боюнча тапшырма берген. Анын соңунда алынган жыйынтык боюнча күн сайын таразага түшкөн кишилер 800 граммга арыктап же салмагын сактап калган. Ал эми такыр таразага түшпөгөндөр орто эсеп менен 2,2 килограммга чейин семирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0