Генерал-майор Шейшенбек Байзаков

Байлар түрмөдө кандай жашачу? Куугунтукталган генерал Байзаковдун ачык маеги

3543
(жаңыланган 17:03 26.05.2019)
Асель Минбаева
Шейшенбек Байзаков абактагы ээн баштыкты токтотуу үчүн эки жыл күрөшкөн. Ал биринчилерден болуп "общактагылар" Мамлекеттик жаза аткаруу кызматындагыларга акча төлөп турганын, абакка сойкуларды алып келишерин ачык айтып чыккан. Криминалдык дүйнө акыры аны кызматынан алууга бүт күчүн жумшаган деп шек санайт.

Генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун таанытма баракчасында: "Өмүр — Мекенге, намыс — эч кимге" деген жазуу бар. Анын 3 ордени жана 81 медалы бар. Байзаковдун наам, сыйлыктарын татыктуу алган. Мисалы, дал ушул генерал-майор Баткен окуясында октон жашырынбагандардын бири болгон.

— Бишкектен чыккан педофил тууралуу бир макала жазганбыз. Узак убакыт бою ал өзүнүн батирине начар турган үй-бүлөлөрдөн өспүрүмдөрдү алып барып турган. Ошондо да ага жатак абагына 8 жыл берилген. Жатак абагы деген жумасына бир ирет мекемеге келип, кол коюп кеткени эле болбосо, кылмышкерге өз батиринде жашоосун мыйзамдуу улантуусуна укук берет го?..

— Ооба, маңызында ал эркиндикте! Жатак абагына дегеле каршымын. Совет убагында соттолгондорду заводдо иштетүү үчүн ошол түрүн ойлоп табышкан. Азыр ишканалар жабылган, ал эми жатак абактары сакталып калды.

Негизи абактагылардын эмгектениши шарт, бирок аларды ким ишке алат? Ал түгүл бизде Гарварддын диплому менен да иш таба албай каласың. Азыр бул коррупциялык схемага айланып кетти, МЖАК (Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы) кызматкери кишини жатак абагына которуу боюнча айтат, прокурор тастыктайт, сот чечим чыгарат. Мындай абактардын бизге зарылдыгы барбы деген суроо туулат. 

Экс-глава ГСИН, генерал-майор Шейшенбек Байзаков во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Генерал-майор Шейшенбек Байзаков абактагы ээн баштыкты токтотуу үчүн эки жыл күрөшкөндүгүн айтып берди

— Эски президенттин иниси Акмат Бакиевдин жатак абагынан качып кеткенден кийин сизди Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчылыгынан түшүрүштү.

— Адам өз үйүндө жашайт, анын качар-качпасына көз сала албайсың. СССР маалынан бери жатак абагынан 1261 айыпкер качкан. Мени кызматтан алышканда: "Эмне үчүн МЖАК төрагаларын 1261 ирет алмаштырышкан эмес?" деген суроо салдым.

— Колониядагы турмуш тууралуу, анын ичинде айыпкерлердин сойкулардын кызматынан пайдаланары туурасында да көп айтып чыккансыз.

— Адамдар ар кыл. СССР ыдыраганда укук коргоочулардын арасында саткындар өтө көбөйгөн. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектей баштаганымда мунун баары бар эле. Абакка чириген байлар да, ишкерлер да түшөт. Алар абактын кызматкерлерине сырттан төшөк кызматын көрсөтүүчү кыздарды киргизүү үчүн 300 доллардан төлөшчү.

Мен ошол "сооданы" бууп койдум. Абактагы "общак" парага кандай чыгым сарптаганын ачык айтып чыктым, ал тургай, колониялардын айрым жетекчилерине автоунаа тартуу кылышкан. Алардын бир тобун коллегиялардын биринде жаш, өзөгү бекем адистерге алмаштырдым. 

Генерал-майора Шейшенбек Байзаков в форме
© Фото / из личного архива Шейшенбека Байзакова
Генерал-майор Шейшенбек Байзаков: эмне үчүн бизге өлүм жазасы гумандуулукка жатпайт дешет да, Америкада ал жаза колдонулат?

— Көптөгөн эл аралык уюмдар азыр абактардагы шарттарды жакшыртуу үчүн күрөшүп келет. Буга кандай карайсыз?

— Бир окуяны айтып берейин. Айыпкерлер тамак-аштын начардыгына арызданышты. Ошондо баарын катарга тизип, акыркы үч күндүн үч маал тамагын алып келүүнү буюрдум. Тамактар абактагылардын алдына коюлганда: "Силердин тамагыңарга күнүнө 107 сом бөлүнөт, ал эми карылар үйүндөгү эч айыбы жок карыя 55 сомго тамактанат. Менин эркимде болсо, аны 107, силерге 55 сомдук тамак бермекмин!". Мындан ары ушундай наалуу болбосун...", — дедим.

— Өлүм жазасын колдойсузбу?

— Ооба. Мурда биздин республикада тартип катуу болчу. Эгер киши өлүм жазасына тартыларын билсе, өзүн тизгиндейт.

Мен иштеп турган убакта өмүр бою эркинен ажыратылгандар 200дүн тегерегинде болчу. Алар үчүн өзүнчө түрмө курулган, күн сайын тамак берилет. Эмне үчүн? Эгер киши бүтүндөй үй-бүлөнү кырып, кичинекей балдарды өлтүрүп коюп жашоосун уланта бергени адилеттүүбү?

Эмне үчүн бизге өлүм жазасы гумандуулукка жатпайт дешет да, Америкада ал жаза колдонулат?

Кудай жалгап, азыр заман алмашты, мурдагыдай кылмыштарга барбай калышты. Адамдар мыйзамды сыйлап калышты. 

Экс-глава ГСИН, генерал-майор Шейшенбек Байзаков во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Шейшенбек Байзаков 6 жашында жетим калган. Алгач атасы жана андан соң энеси көз жумган

— Келиңиз өзүңүз туурасында сүйлөшөлү. Тагдыр жолуңуз абдан кызык экен...

— Ооба. 6 жашымда жетим калдым. Ата-энем экөө тең боорунан жабыркаган, биринчи атам кетти, артынан энем... Байкуш апам мага үлгү бойдон калды. 37 жашында Тамчы айылындагы мектептин директору болгон, билим берүүнүн мыктысы, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси эле.

Бир убакта Тамчыдагы мектепке апамдын ысымы ыйгарылышы үчүн аракет кылдым. Мектепке көмөк көрсөтүүгө тырышып, эмерек, боек, шыйпыр ташыдым. Бирок майнап чыкпады. Анан айылдыктар мектепке уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Рысбектин бир тууганы Кылыч Акматбаевдин атын берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Ошондо колумду куушуруп отуруп калдым.

Ата-энемден ажыраган соң чоң энем менен чоң атамдын колунда калдым, кийин чоң атамдын көзү көрбөй калды, мени интернатка алып кетишти. Даңазалуу №5 мектепти аяктадым. Ал кезде кыргыз тилинде билим берилген аз сандагы мектептердин бири эле.

Өтө тар бир батирди жыйналма керебети менен ижарага алдым. Турак жай акысын төлөп, жашашым да керек. Бөтөлкө чогулткан балдарга келип: "Балдар, бул иш менен алектенген уят го! Келгиле, вагондон жүк түшүрөлү" – дедим.

Ар жекшембиде вагондон картошка, сабиз түшүрөбүз. Баарынан кыйыны көмүр түшүрмөй. Ошентсе да, эң жакшы ательеден кийинчүмүн. Классташтарым жетим экендигимди билишчү эмес. Алар мени белгилүү доктурлар Байзаковдордун тукумунан же атагы чыккан жазуучу Түмөнбай Байзаковдун туугандарынан деп ойлошчу.

Тамак жасаганды үйрөнгөм. Мурда пакеттердеги шорпо тыйынга эле келчү. Аны сууга салып эзип, жылытыш гана керек, бирок даамсыз болчу. Эксперимент жасап, ар кандай азыктарды кошуп даярдачумун.

Меникиндей лагман даярдоо көп кишинин колунан келе бербейт. Ал эми Байзаковдун бешбармагы даңаза болгон! Баткендеги милицияны жетектөөгө жиберишкенде тамак жасай билгенимдин пайдасы көп тийди. 

Генерал-майора Шейшенбек Байзаков в молодости
© Фото / из личного архива Шейшенбека Байзакова
Генерал-майор Шейшенбек Байзаков: классташтарым жетим экендигимди билишчү эмес. Алар мени белгилүү доктурлар Байзаковдордун тукумунан же атагы чыккан жазуучу Түмөнбай Байзаковдун туугандарынан деп ойлошчу

— Баткен окуясына катышкансыз да, туурабы? Рабия аттуу эженин инисинин сөөгүн табууга жардамдашканыңыз үчүн сизге аябай ыраазы экенин кесиптештеримден уккам.

— Ооба, эсимде. Ал жигиттин аты Касымбек Шадыбеков эле. Ал туткунга биринчи алынгандардан болчу. Согушкерлерди сүрүп чыгардык, бирок Касымдын сөөгү дале табылбады. Ошондо катуу ооруп, дене табым 40 градуска чыккан, бирок издөөнү уланттык.

Акыры көмүлгөн жерин таптык. Көрсө, бандиттер анын башын алып, колдору байланган боюнча көөмп, таш менен корумдаптыр. Анын сөөгүн тик учак менен жеткиргенбиз.

Ал жактагы дагы бир окуяны айтып берейин, жергиликтүү бир карыя бар эле. Согушкерлер туткунга алынган генерал Анарбек Шамкеевди жана барымтага алынган башка кишилерди ошол аксакалдын үйүндө кармап турушуптур. Карыя аны мага сүрөттөп берди, генералдын жубайына телефон чалдым. Жолдошунун же тирүүсүнөн, же өлүүсүнөн кабар ала албай ал бир топ күндөн бери санаага батып жүргөн.

Кийип жүргөн кийими, колунда сааты бар-жогун аялынан сурадым. Аксакалдын сүрөттөгөнү менен анын айткандары дал келди. "Анда сизге сүйүнчү, генералдын көзү тирүү" — деп кабарладым ага... Анан Анарбек Шамкеевди куткардык.

Баса, ошол чалгынчы карыя бизге көп көмөктөштү. Ал душмандар жайгашкан жерлерди айтып берди, кийин аны туткунга алышты. Согушкерлер аны таш үңкүрдө тамак да, суу да бербей кармашкан. Биз Зардалы айылын куткарганча ал киши бир сутка туткунда жаткан.

Сууктан калтырап-титирейт. Арак куюп бердим, "Мен ичпейм, мусулманмын" – деп ичкенден баш тартат. Кайра-кайра айтып жатып, акыры көндүрдүм. Анан карыя эстен танып калды, биз үстүн жууркан менен жаптык... 

Генерал-майора Шейшенбек Байзаков
© Фото / из личного архива Шейшенбека Байзакова
Генерал-майор Шейшенбек Байзаковдун таанытма баракчасында: "Өмүр — Мекенге, намыс — эч кимге" деген жазуу бар.

— Ошол согушкерлер кимдер эле?

— Аларды бандиттик түзүмдөр деп көркөмдөп атап коюшкан. Чындыгында алар азгын, элден чыгып калгандар болгон. Мисалы, алардын башчыларынын бири Ферганада жергиликтүү милиция кызматкерин өлтүрүп, башын алып, анын дарбазасына илип койгон.

Алардын арасында бизден да болгон, мамлекеттен ун уурдап соттолгон үч бир тууган экен. Алар эки кыргыз кыштактан 450 топозду Тажикстанга айдап кетишкен. Элдин колундагы акыркы оокатын тартып алышкан.

— Азыр чек ара жаатында Кыргызстанда кыйынчылыктар улам жаралып калып жатат. Мисалы, Тажикстан менен чектеш жерде улам жаңжал чыгууда.

— Ооба. Мунун баары убагында, СССР ыдырары менен чек ара такталбай калганынан улам жаралууда. Аны кантип чече аласың? Чек арага жакын айылдарды алалы, жолдун оң тарабында кыргыз үй-бүлө, сол жагында – тажик үй-бүлө. Эр болсоң, бөлүп көр!

Балдар көчөдө ойноп жатып, үйлөрдүн биринин чатырын сындырып алышат. Ошондон улуттар аралык жаңжал жанданып кетет! Өзүм барып, эл менен сүйлөштүм. Балдар тентектик кылып коюптур, бала да!

Элдин ортосуна көпүрө болуу керек. Баткен ИИБин жетектеп турганымда биздин аймакта эле 15 чек ара посту бар болчу. Бул элди чүнчүтүп бүтүрөт, базарга эле чыгасың, ал эми жолдон сени улам "тоноп" отурушат.

Ал постторду жоюу боюнча биздин да, тажик аткаминерлери менен да көп сүйлөштүм. "Силер менен кабинетиңерде отурганыбызда карапайым калк азап тартууда. Күн сайын эл ары-бери өтөт, эмнеге аларды мынчалык эзип жатабыз?" – деп көндүрдүм. Ошентип, акыры 16 посттон бешөө эле калды.

Кыргыздар да, тажиктер да — байыркы жана акылман эл. Жакынкы кошуна алыскы туугандан артык экенин түшүнүү зарыл. Эгер балдар бирге чоңоюп жатышса, урушуп, араздашуунун кереги эмне?

3543
Белгилер:
туткун, Шейшенбек Байзаков, Баткен окуясы, Баткен облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Абактагылар үчүн мунапыс жарыялоо сунушталды. Тизмеге кимдер кирет?
Чотбаев: эки жолу мина жарылып, аман калдым
Командирим менен 35 жылдан кийин жолуктум. "Афганчы" Сыдыков менен маек