Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет төрт районду камтыган Талас облусундагы акимдердин мал-мүлкүн карап чыктык.
Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда район башчысынын өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлкү жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.
Дүйшөбаев жакын туугандары тууралуу ооз ачкан эмес, анысы бир да киреше таппайт, эч кандай мүлккө ээлик кылбайт дегенди түшүндүрөт.
Баратбек Сыдыкназаров Кара-Буура районуна аким болуп 2016-жылдын августунда дайындалган. Ага чейин ушул эле Социалдык фондунун райондук бөлүмүн жетектеген. Ал жылдык кирешеси 523 миң сом болорун көрсөткөн. Айыл чарба багытындагы жери бар. Документке таянсак, Сыдыкназаровдун алачыктай дагы баш калкалоочу үйү жок экен. Жакын туугандары да там салган эместигин билдириптир. Кайда жашап жатканы табышмак. Маянасынан сырткары да киреше булагы жок экенин жазган.
Бакытбек Нуржанов 2015-жылдын декабрында Талас районунун акими болуп дайындалган. Үч жылдан ашуун иштеп 2019-жылдын башында өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кеткен. Ал бир жылда 279 миң сом тапкан. Муну 12 айга бөлгөндө маянасы 23 250 сом экенин билүүгө болот. Бир батирге ээлик кылат жана Honda үлгүсүндөгү унаасы бар экенин көрсөткөн. Бирок кандай түрү экенин так жазган эмес. Мал-жаны, баалуу буюмдары жок экенин белгилейт. Жакын туугандарынын мүлкү тууралуу да маалымат берген эмес.
Канимет Осмонбеков Бакай-Ата районун 2014-жылдан бери жетектеп келген. Кийин 2018-жылдын февралында өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басарлыгына дайындалды. 2017-жылы 301 миң сом киреше чогулткан. Осмонбеков башка кесиптештерине салыштырмалуу декларациясына кененирээк маалымат жазган. Үйүнүн аянты 170 чарчы метр, айыл чарба багытындагы 3 гектардай жерди иштетет. Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа айдайт экен. Үйүндөгү эмерек, тиричилик техникаларынын баасы 260 миң сомду түзөт. Ал эми жакын туугандарынын жылдык кирешеси 472 миң сомго жетет. Алар да бир турак жайдын ээси.
Баса, Алмазбек Атамбаевдин экс-жан сакчысы Дамир Мусакеевге жана мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге ушул берене боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон.
Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дем алуу көнүгүүсүн жасап бир мүнөттө уктап калса болорун Аризон университетинин (АКШ) интеграциялык медицина боюнча адиси Эндрю Вайлга таянып Daily Mirror жазды.
Адис сунуштаган ыкма "4–7–8" деп аталып, терең жана бирдей ыргакта дем алуу бир эле мүнөттүн ичинде уктап калууга жардам берет. Муну Индияда йога менен машыккандар колдонуп жүрөт.
"Түндө ойгонуп кеткенде дагы ушул көнүгүүнү жасап уктап калса болот", — деген Вейл.Мурун менен төрт секунд жай дем алып, аны жети секунд кармап, сегиз секундда демди чыгарып салуу керек. Муну уктап калгыча кайталоо зарыл. Бул дем алуу көнүгүүсү чыңалуудан арылууга да жардам берет. Адис ыкманы бир жасап таштап койбой кайталап туруу керектигин айткан.
Көнүгүү жасагандан тышкары уктаар алдында тамак, кофе ичпеш керек, ошондой эле гаджеттерди алысыраак коюу сунушталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.