Бишкектин батыш тарабында газ 3 жумага өчүрүлөт

Жазылуу
Оңдоо иштери 19 күнгө созулары айтылды.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Бишкектин батыш тарабында (Новопавловка айылы) жаратылыш газын убактылуу өчүрүү пландалууда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Лев Толстой, Киров көчөлөрүндөгү, Чоң Чүй каналы менен Ала-Арча дарыясынын тегерек-четиндеги үйлөргө газ берүү 27-майдан 14-июнга чейин токтойт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдиришти.

Маалыматка таянсак, 19 күндүн ичинде оңдоо иштери соңуна чыгып, кайрадан көгүлтүр от үзгүлтүксүз бериле баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0