Иммуносупрессоры — препараты, которые подавляют иммунитет, чтобы он не отторг пересаженный орган

Бөйрөк алмаштыргандардын өмүрү коркунучтабы? Бир тендердин изи менен

474
(жаңыланган 10:54 27.05.2019)
Максат Элебесов
Трансплантация кылдыргандар жаңы салынган органды организмдин кабылдашы үчүн өмүр бою дары ичүүгө тийиш. Кыргызстанда андай адамдар 400дүн тегерегинде. Бейтаптар өкмөт аларды көнгөн дарыдан ажыратып, ден соолугун, алтургай, өмүрүн да сыноого салууга мажбурлайт деп кооптонушууда.

Ал дары каражаттары иммуносупрессорлор деп аталып, организм жаңы ооштурулган органды кабыл алып кетиши үчүн иммунитетти басып турат. Кыргызстанда андай дары-дармекти мамлекет тендер жолу менен сатып алат, анткени, баасы кыйла кымбат. 2019-жылдын 11-апрелинде Саламаттык сактоо министрлиги 67,9 миллион сомго конкурс жарыялаган.

Женерик аттуу дарыны сунуштаган компания тендерге катышууга белсенген, бул — орган дарынын ага опокшош түрү.  Өзүнө караганда женериктердин баасы төмөн. Бирок алардын жасалмасы жаңы орган жалганган адамдардын ансыз да чабал саламаттыгына кандай таасир этерин болжоп болбойт.

Sputnik Кыргызстан бул жагдайды талдап көрүүгө аракет кылды.

Орган ооштурган кыргызстандыктар женериктерден кооптонушат

Реципиенттер (орган алмаштырган адамдар) женерик каражаттары алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет деп чочулашууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысына “Жашоого үмүт” коомдук бирикмесинин жетекчиси Уран Ибраимов билдирди. Ал өзү да бөйрөгүн алмаштырып, өмүрдү эксперименттөө канчалык кооптуу жана психологиялык жактан оор экенин жон териси менен сезген. 

"Орган алмаштыруу үчүн көпчүлүгү үйлөрүн саткан, колундагы эң акыркы акчасын карматышкан, андыктан, женерик ичип эч ким тобокелге баргысы келбейт. Андай сыноолорго өлкөдө шарт да жок, себеби, эки айга дейре байкоо салуу үчүн бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышы абзел. Женерик иче баштасак, алмаштырылган органдар кабылданбай, кайрадан гемодиализге жатууга туура келет. Менин билишимче, тендерден бир нече миллион сомду үнөмдөп калууга далалат кылышууда, бирок бул биздин өмүрүбүз үчүн арзыбай турган аракет", — деди Ибраимов.

Ушундай эле кырдаал 2017-жылы Казакстанда да түзүлүп, орган алмаштырган бейтаптар ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевге андай каражатты сатып алууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Тендер эмне болот?

Тендерге катышуучулардын тапшырыктары ушул айдын башында ачылган. Ага UniHelp, ALKOR-COMPANY, "ДАЙРА-ФАРМ", "Медипрогресс", "Эляй" жана Aqua Medtek ЖЧКлары документтерин жөнөткөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин сатып алуу бөлүмүнүн жетекчиси Дастан Уланбек уулунун айтымында, ушул күнгө чейин сунуштар мыйзамга ылайык келер-келбеси бааланууда. 

"Женериктерди сатып алабыз деген жокпуз. Биз тек гана дары-дармектерди мыйзам талаптарына ылайыктап алууга аракет кылабыз. Азыр сунуштарды ар тараптан баалоо жүрүүдө. Критерийлер көп, анын ичинде тигил же бул дарынын жекече көтөрүмдүүлүгү да каралууда. Өз баасын берсин деп врачтарга да өтүнүч жөнөттүк", — дейт сатып алуу бөлүмүнүн башчысы.

Орган алмаштырган кыргызстандыктар тендердик комиссия арзанына карап женериктерди сатып алууга аргасыз болуп калбайбы деп кооптонот. Башка бир мекемедеги, тагыраак, Мамлекеттик каттоо кызматындагы жаңжалдан улам ушундай чочулоолор жаралууда. Сынакка катышкан ишканалардын бири сунуштаган баага караганда кыйла кымбат бланк сатып алганы үчүн Каттоо кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, камакка алынган. МККнын ошол убактагы төрайымы Алина Шаикова билдиргендей, эң арзан бааны атаган ишкана менен келишим түзүү көп көйгөйгө кептемек. Ал окуядан кийин жогоруда аталган коом сатып алуучу мекемелерди мыйзам сапаттан да баага басым жасоого түртөрүн түшүнгөн. Бирок Жогорку Кеңеш мыйзамга сатып алууда баа эмес, сапат башкы көрсөткүч катары баалана турган өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлдү.

Бирок дары сатып алуу жагдайы бөлөк. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын 14-беренесине ылайык, дары-дармектин коопсуздугу жана натыйжалуулугу — эң маанилүү көрсөткүч.

"Дары каражаттарын баалоодо бейтап үчүн клиникалык коопсуздуктун эң жогоркусун, дарылоонун эң натыйжалуусун камсыздай турган, бекитилген ыкмалар менен далилденген, терс таасирлери азыраак көрсөткүчтөрүнө басым жасалууга тийиш. Инсулин жана башка өмүр бою ичилчү дары-дармек үчүн милдеттүү кошумча талап катары алардын жекече көтөрүмдүүлүгү да каралат. Дары каражаттарын тандоодо мааниси боюнча дагы бир башка талап дары каражаттары менен дарылоонун толук курсунун акысынын арзандыгы болуп саналат", — деп жазылат мыйзамда.

Кыргызстан женериктерге али даяр эмеспи?

Трансплантация кылдырган кыргызстандыктардын коомунун мүчөсү Диляра Утюшева женериктерге өтүү үчүн республикада бейтаптарга тиешелүү шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, 23-майда реципиенттер женериктерди сунуштаган россиялык фармкомпаниянын өкүлдөрү менен кезиккен. 

Утюшева белгилегендей, Россиянын ар бир округунда орган ооштурган бейтаптар толугу менен мамлекеттин камкордугунда. Он жылча мурун РФ аймагында да азыркы Кыргызстандагыдай гемодиализ болгон. Бирок бийлик көйгөйдү изилдеп көрүп, гемодиализден соң бейтаптар көп жашабасын, ал эми дарылоо орган алмаштырууга караганда кымбатка түшөрүн түшүнгөн. Ошондуктан трансплантациялоо чечими кабыл алынган.

"Ал дары чыгаруучу ишкананын өкүлдөрү трансплантация кылдырган бейтаптар үчүн Кыргызстанда шарт жок экенин угуп, таң калышты. Алар өздөрү деле бейтаптардын женерик ичкенине макул эмес, себеби, бейтаптын ден соолугу начарлай башташы ыктымал. Бирок алар тапшырыгын артка кайтара албай турганын билдиришкен, аны сатып алуучу уюм гана четке кага алат", — дейт Утюшева.

Ошентсе да дары-дармек чыгаруучу ишкананын өкүлдөрү Кыргызстанда медикаменттерди таркатууга аракет кыла турган женерик өндүрүүчү башка компаниялар да бар экенин эскертет. Ал үчүн болгону республикада дарыны каттатып коюу гана жетиштүү. Утюшева белгилегендей, Кыргызстанда дары каражаттарын каттоо жолу өтө жөнөкөй.

Орган алмаштырган кыргызстандыктар коому бийликтин дарегине женериктерди сатып албоо, ошондой эле бейтаптар үчүн шарт түзүү өтүнүчү менен кайрылуу камдоодо. Реципиенттер аны менен бирге эле гемодиализден орган трансплантациялоого өтүү алда канча натыйжалуу жана арзан болорун айгинелөөгө аракет көрүп, ага экономикалык негиздеме даярдап жатышат.

474
Белгилер:
бейтап, гемодиализ, бөйрөк, адам органдары, трансплантация
Тема боюнча
Кыргызстанда ири дарыканаларга кимдер ээлик кылып, канча салык төлөйт?