Здание национальной библиотеки КР имени Алыкула Осмонова в Бишкеке

500 жылдык китептер сакталган. Улуттук китепкана тууралуу 8 факты

1530
(жаңыланган 16:39 27.05.2019)
Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана үстүбүздөгү жылы 85 жылдыгын белгилөөдө.

Бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепкананын өлкөдөгү илим-билимдин, маданияттын жана коомдук турмуштун өнүгүүсүнө кошкон салымы эбегейсиз. Жаңы технологиялар өнүккөн азыркы заманда да бул мекеменин эшигин аттагандардын саны үзүлбөйт. Sputnik Кыргызстан агенттиги бүгүн, 27-майда, белгиленип жаткан Китепканалар күнүнө карата Улуттук китепкана тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт. 

Здание национальной библиотеки КР имени Алыкула Осмонова в Бишкеке
© Sputnik / Азат Акаев
Мамлекеттик деңгээлдеги алгачкы китепкана 1934-жылы ачылган. Биринчи директору — Нина Самсонова.

Алгачкы жылдары. Кыргызстанда Совет бийлиги жаңы орногон жылдары элдин окууга болгон моокумун кандыра турган жерлер жокко эсе эле. Андыктан 1933-жылы мамлекеттик деңгээлде китепкана уюштуруу үчүн каражат издөө иштери башталып, бир жылдан кийин августта мекеме ишке киргизилет. Алгачкы директор Нина Самсонованын башчылыгында аз убакыттын ичинде китеп сактагычы бар окуу залы ачылып, топтоо, катталуу, көчмө сыяктуу бир нече бөлүмдөр уюштурулат. Ошондой эле 16 миң нускадан турган жалпы жана илимий бөлүм түзүлөт. 1939-жылы китепкана мамлекеттик статуска ээ болуп, жазуучу, философ Николай Чернышевскийдин атын алып, кызматкерлеринин саны 47ге жеткен.

Согушка жөнөтүлгөн китептер. Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезде китепканада 125 миң том китеп, 80 миң журнал, 500 түр гезит болгон. Согуш убагында башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган жарандардан улам окурмандардын саны да бир кыйла көбөйөт. Казатка чейин күнүнө 250 жаран келсе, кийин алардын саны 700дү түзгөн. Ошол эле учурда китепкана кан майдандагы аскерлерге руханий жардам да берип турган. Душмандан бошотулган жерлердеги ооруканаларда, аскерий мекемелерде жети чакан китепкана түзүлүп, чыгармалар Кыргызстандан атайын жөнөтүлчү.

Здание национальной библиотеки КР имени Алыкула Осмонова в Бишкеке
© Sputnik / Азат Акаев
1939-жылы китепкана мамлекеттик статуска ээ болуп, жазуучу, философ Николай Чернышевскийдин атын алып, кызматкерлеринин саны 47ге жеткен.

Ийгиликтүү жылдар. Улуттук китепкана гүлдөгөн мезгил 1960-жылдарга туш келет. Ал убакта жетекчиликке Урияпса Сагынбаева келген эле. Сагынбаеванын 20 жыл башкарган эмгеги татыктуу бааланып, китепкана кызматкерлери үчүн эң жогорку наам болгон Надежда Крупская медалы менен сыйланган. Жыл өткөн сайын окурмандар көбөйүп, китепкана 1962-жылы 800 орунга ылайык 16 окуу залы бар жаңы имаратка көчүрүлөт. Ошол эле убакта китептердин көлөмү да өсүп, жылына 150 миңден ашык чыгарма келип турган.

Улуттук китепканага айлануу. 1980-жылдары китепкананын фонду 2 жарым миллионго жетип, жыл сайын эки миллиондон ашык киши келе баштайт. Мындан улам азыркы имарат курулуп, 1984-жылы мекеменин 50 жылдык мааракесинде ишке киргизилет. Ага В.И.Лениндин аты берилип, 3 миллиондон ашык китепке ылайыкташкан миңдей орундуу 20 бөлүм курулат. Ал эми алгачкы электрондук каталог 1991-жылы түзүлөт. Өлкө көз карандысыздыгын алгандан кийин, 1993-жылы, аты Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы болуп өзгөртүлгөн.

Национальная библиотека КР имени Алыкула Осмонова
© Sputnik / Азат Акаев
1980-жылдары китепкананын фонду 2 жарым миллионго жетип, жыл сайын эки миллиондон ашык киши келе баштайт. Мындан улам азыркы имарат курулуп, 1984-жылы мекеменин 50 жылдык мааракесинде ишке киргизилет.

Акындын атын алышы. Китепкананын азыркы жетекчиси филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Бакашова кызматына 2005-жылы келген. 2008-жылы мекеме 27-май күнүн "Китепканалар күнү" деп белгилөө демилгесин көтөрүп, аны кыргыз өкмөтү колдоп берет. 1902-жылы дал ушул күнү Каракол шаарында биринчи коомдук китепкана ачылган. Ал эми азыркы аталышы 2015-жылы акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейине байланыштуу берилген. Китепкананын бир бөлүгү акындын атындагы музейге бөлүнүп, ал жерде анын көзү тирүү кезинде басылган чыгармалары, китептери, көптөгөн сүрөттөрү коюлган. Азыр китепкананын фондусунда 90 тилдеги 6 миллион басылма бар. Жыл сайын 30 миңдин тегерегиндеги ар түрдүү жазуу эмгектери алынат. Фонд негизинен республикалык деңгээлдеги милдеттүү түрдө алынуучу нускалардан тышкары басылмаларга жазылуу, авторлордон, китеп дүкөндөрүнөн, жеке адамдардан сатып алуу, чет өлкөлүк китепканалар менен алмашуу жана белек катары алынган эмгектер менен толтурулган.

500 жылдык эмгектер. Китепкананын эң маанилүү бөлүмү - уникалдуу коллекциялар жана китептер топтолгон сейрек жана өтө баалуу басылмалар фондусу. Бул бөлүмдө 1950-жылга чейин чыккан 20 миңге жакын эмгек сакталган. Алардын арасында 20-кылымдын башында Уфа шаарында жарык көргөн Осмоналы Сыдыковдун "Мухтасар тарых Кыргызия" жана "Тарых, Кыргыз Шадмания" чыгармасы бар. Ошондой эле "Манас" эпосунун алгачкы басылмаларынын бири болгон 1925-жылкы "Семетейден бир бөлүм", 1940-жылдары чыккан 11 миниатюрадан турган "Манас" сериясы, алгачкы "Эркин-Тоо", "Сабаттуу бол", "Кызыл Кыргызстан" гезиттери жана "Жаңы маданият жылында", "Маданият майданы", "Дыйкан" сыяктуу журналдар да ушул бөлүмдө. Кол менен жазылган 1774-жылкы Куран китеби, 1770-жылга таандык исламий багыттагы философиялык "Низамул Вижуд", 1820-жылы жарык көргөн фарс тилиндеги "Бабур-намэ", Алишер Навоинин 1901-жылкы "Хамса" аттуу эмгеги бар. Китепканадагы эң байыркы китептердин бири — 1580-жылы жазылган Иван Федоровдун "Псалтырь жана Апокалипсис" чыгармасы. Ошондой эле орус адабиятынын классиктери Николай Карамзин, Александр Пушкин, Лев Толстойдун көзү тирүү кезинде басылган китептерин да жолуктурууга болот. 

Книги на полке национальной библиотеки КР имени Алыкула Осмонова в Бишкеке
© Sputnik / Азат Акаев
Өлкө көз карандысыздыгын алгандан кийин, 1993-жылы, аты Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы болуп өзгөртүлгөн. Азыркы аталышы 2015-жылы акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейине байланыштуу берилген.

Түрдүү бөлүмдөр. Китепканада жалпысынан 24 бөлүм бар. Улуттук басылмалар сакталуучу Архивдик фонд, атамекендик жана чет өлкөлүк композиторлордун 80 миңден ашык чыгармалары сакталган нота басылмалар фондусу, музыканын бардык түрлөрүн камтыган винилдик грампластинкалар, кассеталар жана CD-DVD дисктер жайгашкан фонотека, акыркы жүз жылдагы ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү жана баяндамалары көрсөтүлгөн патенттик документтер фондусу алардын бир бөлүгү гана.

Жылына 40 сом. Китепкана тарыхы боюнча 22 миллион окурманды тейлеп, 125 миллион басылма менен камсыз кылган. Азыр жылына эки миллионго жакын окурман келет. Жарандар, андан сырткары, корей, француз, араб, түрк борборлорунда акысыз тил да үйрөнө алышат. Бир жылдык окурмандык билетти 40 сомго ачтырууга болот. Ал эми күнүмдүк колдонуу үчүн 10 сом жана паспорт жетиштүү. Китепкана дем алыш күн жана түшкү тыныгуу дебестен иштейт. Болгону майрам күндөрү эшиги жабык.

1530
Белгилер:
Алыкул Осмонов, факты, окуу, билим, маданият, илим, китеп, Улуттук китепкана
Тема боюнча
"Кыргыздар" тарыхый китеби 20 том болуп жарык көрдү
Манастын колуна кыргын салып... Калк энеси Каныкей тууралуу 15 факты