УКМК: "шпиондордун" жабдуусун алып жүргөн киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБЗапрещенные специальные средства по негласному получению информации
Запрещенные специальные средства по негласному получению информации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыюу салынган каражаттар кыргызстандык кишинин үйүнөн табылган.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандык К.Д. аттуу кишинин үйүнөн өлкө аймагында тыюу салынган маалыматтарды жашыруун алуучу техникалык жабдуулар табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин кабинетине үн жаздыруучу каражат орнотуу аракети болгонбу? УКМК жообу
Ведомствонун маалымат кызматы тараткан сүрөттөрдөн кичинекей видеокамераларды жана башка түрдүү каражаттарды көрүүгө болот.

Аталган техникалар К.Д. аттуу жарандын үйүнөн 25-майда табылган.

Учурда экспертиза дайындалып, буга чейин 252-берене менен козголгон кылмыш иштин («Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу») негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0