Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив

Жумабеков: оор кылмыш кылгандарды шайлоого катыштырбоо мыйзамы биринчи окуудан өттү

79
Жакында экинчи окуу болот.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Оор кылмыш жасап, соттолуп чыккан адамдардын шайлоого катышуусуна бөгөт койчу мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунан өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен айтты.

"Жакында экинчи окуу болот. Ага чейин эле көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Анткени адамдын кайсы берене менен, кандай шартта соттолгонун дагы жакшылап иликтеп көрүү керек. Дегеним, айрым учурда саясий куугунтук жана саясий буюртмалардын курмандыгы болуп калган саясатчылар болушу мүмкүн. Алардын саясий тагдырына чекит коюудан мурда жакшылап ойлонуу керек", — деди спикер.

Төрага тактап кеткендей, ар бир мыйзам долбоору кабыл алынаардан мурда коомдук талкууга коюлат. Документ бир ай бою Жогорку Кеңештин расмий сайтында илинип турат. Андыктан каалаган жаран аны окуп чыгып, өз пикирин калтырса болот.

79
Белгилер:
мыйзам долбоору, шайлоо, кылмышкер, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Атамбаев кайтаруусуз калдыбы? УКМКнын жообу