Соолук, капана, жээнчоро, байса... Чүйгө барганда сөз таппай убара тартпаңыз

© Sputnik / Александр ФедоровЧүй облусундагы Бурана муранасы. Архив
Чүй облусундагы Бурана муранасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй говоруна тиешелүү сөздөр айрым жаштар үчүн өөн учурашы ыктымал. Бөтөнчө архаикалык сөздөр уккан кишини таң калтырат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети дубандын "ички" тилин тизмектеп берүүнү улантат.

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Чүй облусунун говоруна токтолдук. Өткөн жумаларда Баткен, Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарынын диалектисин тизмектегенбиз.

Белгилей кетсек, Чүй говоруна тиешелүү сөздөр 1959-жылы чыккан "Кыргыз тилинин Чүй говору" китебинен алынды.

Жазылоо — чырпыктан согуп жасалган акыр сыяктуу нерсе. Ага чөп, жем салынып, ат байланат;

Жогдоруң — төөнүн чуудасы. "Жогдоруң кырккан нар бекен, жоругуңа сар бекен" деген сөз бар;

Гулун, такай, такый — эшектин баласы;

Дөнөн — алты жашка чыккан кой;

Күч унаа — минүүгө, жүк жүктөөгө, бир нерсе ташууга жарактуу кара мал (уй, жылкы, төө);

Соолук — үч жашка чыккан ургаачы кой;

Төгөрөк — койдун төрт тиштүүсү;

Чар — 4-5 жаштагы эркек кой;

Шишек — эки же үч тиштүү койлор;

Шүдүңкүт — жалпысынан жүгүрүк, күлүк деген мааниде;

Жээнчер, жээнчоро — жээндин баласынын баласы;

Тогончор, тоончор — жээндин баласы;

Тоңбек — тогончордун баласы;

Селкинчек ойноп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрешен, от май, мартуу, каркыт... Кепти байыткан бөтөнчө сөздөрдүн тизмеги
Бешмант, күрмө, кемсел, желетке — ушул аталган кийимдердин бардыгы жүн же пахта салынбаган, бирок ичтелген жеңдүү кийимдер;

Кожо көйнөк, күрмө көйнөк — абышкалардын жакасы ачык узун көйнөгү;

Чермий, чермай, чыптама, көкүрөкчө — көйнөктүн тышынан, жалаң кабат тыш кийимдердин ичинен кие турган аялдарга тиешелүү кийим;

Чөөлү, депкир, кепкир, сүзгүч — күлчө, боорсок жана башка тамактарды сузуп ала турчу ашкана буюмдары;

Шише — бөтөлкө маанисинде, бирок сейрек колдонулат;

Жапкан нан — казанга жаап бышырылган нан;

Калама, катырма, таптама — казанга бышырылган жука нан;

Бал — шалы жана пияз айдалган жер;

Бороз — дарбыз, помидор, картошка сыяктуу бакча өсүмдүктөрүнүн айдоосундагы ичке арык. Жергиликтүү элдин айтуусунда бороз эгинге салынбайт;

Жал — чабылган чөптү боолаганга чейин тестелеп жал-жал кыйып коюу;

Жол — чөптү чапкандагы чабындынын аралыгы. "Чөптү чапканда бир жол жүрдүм, эки жол жүрдүм" дейт;

Капана, капала — чабылган беде же чөптү боолаш үчүн даярдап, ар кайсы жерге жыйнап коюу;

Көтөрмө — ой жерге топурак жаткырып, дөңчө кылып көтөрүп, андан суу агызса көтөрмө делет;

Ач ичеги — малдын ичке ичегиси;

Буйлачык — эки муруттун ортосундагы чуңкур;

Жаргылчак тартып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көкүрөгүңүз абалкы кептерге чаңкап, сөзүңүз мокоп турабы? Архаизмдер топтому
Чертмек — кадимки жыгачтан жасалган үч кыл комуз чүйлүк кыргыздарда, айрыкча батыш тарабында чертмек делет;

Доңго — аттын бутуна чалчык жана башка нерсе туруп калса доңго дейт;

Конок алуу — тойго чакырылып милдеттүү түрдө келген конокторду бөлүп-бөлүп күтүп алуу;

Коргон — мүрзөнү тегеректеп коюлган дубал;

Куй — тоо болуп туруп анын этеги кокту-кокту болуп тарап кетсе, ал куй делет;

Момо — калама маанисинде. Бул сөз жергиликтүү тургундарга коңшулаш жашаган дунгандардан оошу ыктымал;

Мажыгүн — дүйнөнүн ырахатын көрбөгөн, ичкен-жегендин маанисин билбеген, түшүнүгү жогураак маанисинде;

Соорунчу — ашка чакырылган конок;

Мөөзүл — шыбага, ага таандык, үлүш деген мааниде;

Балаган, көлөкө, сайа — атайын жасалган көлөкөлүү жай.

Жаңылыктар түрмөгү
0