Гапар Айтиев атындагы музейдин директоруна коюлуучу талаптар. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековХудожественная выставка "По мотивам произведений Чингиза Айтматова" в музее Гапара Айтиева
Художественная выставка По мотивам произведений Чингиза Айтматова в музее Гапара Айтиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечектеги директорго кесиби боюнча жогорку билими жана музейдеги тажрыйбасы 7 жылдан кем болбошу керектиги айтылган.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинин директорлугуна талапкерлерге кандай талаптар коюларын билдирди.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейинин жетекчиси Сейитгазы Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сагынбаев: зоомузейдеги эң эски экспонатка 60 жыл толду
Эске салсак, музейдин мурдагы жетекчиси Юристанбек Шыгаев отставкага кетти. Буга чейин аталган маданий жайда жаңжал чыгып, ага директордун да катыштыгы бар экени аныкталган.

Директор талапкерлерине коюлган шарттар:

Келечектеги директорго кесиби боюнча жогорку билими, музейдеги тажрыйбасы 7 жылдан кем болбошу керектиги айтылган.

Андан сырткары, төмөнкү документтери болушу керек:

  • Аталган жумушка кирем деп берген арызды кароо өтүнүчү;
  • сүрөттөрү менен кадрдык жекече баракчасы;
  • резюмеси;
  • өмүр баяны;
  • паспортунун көчүрмөсү;
  • кесиптик билими, кесиптик даярдыгы, квалификациясын жогорулатканы боюнча, окумуштуулук даражасы, наамы тууралуу нотариустан күбөлөндүрүлгөн документтеринин көчүрмөсү;
  • эмгек китепчесинин күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
  • иштеген жеринен сунуштама (эгер болсо).

Документтерди атайын папкага тиркеп, талапкер өзү 7-июнга чейин (саат 09:00 до 18:00) жеткирип бериши керек. Дареги: Бишкек шаары,  Пушкин көчөсү, 78. Телефону: 0312 62 36 39.

Жаңылыктар түрмөгү
0