Өткөн аптада бишкектиктер эмнеден кыйналды? Мэрияга 300 киши даттанды

Жазылуу
Кайрылуунун ичинен 78и каттоого алынып, 45и ошол замат чечилди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Өткөн аптада Бишкек мэриясына даттанып кайрылгандардын саны 300гө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү райондук электр тармактарынын ишине нааразы экенин муниципалитеттен билдиришти.

"300 кайрылуунун ичинен 78и каттоого алынып, 45и ошол замат чечилди. Даттангандардын көпчүлүгү, тагыраагы, 21 адам райондук электр тармактарынын ишине доомат койгондор болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Суу краны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктерге ысык суу качан берилери айтылды
Экинчи орунда көчөлөргө жарык берүү маселеси турат. Бул суроо боюнча 17 жаран кайрылган. Үчүнчү орунда суу менен камсыз кылууга нааразы болгондор (8 адам).

Калган кайрылуулар негизинен сурап-билүү жана тактоо максатында жасалган.

Бишкек жетекчилиги зарылчылык болгон учурда төмөндөгү адистерге телефон аркылуу кайрылууну сунуштайт.

  • Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 99-79-27;
  • Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0772 192 074;
  • Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;
  • Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 61-18-06.
Жаңылыктар түрмөгү
0