Финпол Райым Матраимовдун "мыйзамсыз байыган" фактысы боюнча текшере баштады

Жазылуу
28-майда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү керектигин айткан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Финпол Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду мыйзамсыз байыган деген маалыматтын тегерегинде сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иштер Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

28-майда премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү керектигин айткан.

Неделя российского  бизнеса.  День второй  - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимов кызматына кайтабы? Адвокаттын жообу
Белгилей кетсек, Райым Матраимов өткөн жылдын апрель айынан бери өкмөт менен соттошуп келген. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан кетирген. Бирок Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган болчу.

7-май күнү КРдин Жогорку соту өкмөттүн Матраимовдун үстүнөн даттануусун карап чыгып, Бишкек шаардык жана Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми анын адвокаты Матраимовдун сотко кайрылган максаты башка экенин, кызматына кайра барбай турганын айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0