Кыргызстанда 5-июнь дем алыш болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на Старой площади Бишкека
Айт-намаз на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келерки жумада Орозо айт белгиленет.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Орозо айтка байланыштуу кыргызстандыктар 5-июнда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Шаршемби күнү муфтияттан кабарлашкандай, ыйык Рамазан айы 4-июнда аяктап, 5-июнда Орозо айт майрамдалат.

"Эгер муфтият Орозо айт тууралуу чечим чыгарган болсо ал күн автоматтык түрдө дем алыш болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөттүн дем алыш күндөр боюнча токтомунда айтылган", — дешти министрликтен.

Буга байланыштуу келерки жуманын шаршембисинде кыргызстандыктар эс алмай болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0