Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүҮй куруп жаткан адамдар. Архив
Үй куруп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10, 20, 30 жылдык... Айрыкча айыл жерлеринде укмуш шаан-шөкөт менен коштолгон майрам. Узак убакыттан кийин жолугушкан классташтар бул майрамга каражатты жакшы эле чачат.

Бирок акыркы жылдары чогулткан акчаларын эпсиз коротпой айылына, мектебине керектүү, пайдалуу жумуштарды жасаган классташтар көбөйүп келе жаткандай. Ысыраптан соопчулукка баш коё баштаган классташтар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ар жылы жазып келет. Бул ирет да мектепти бир канча жыл бүтүп кеткендердин мындай саамалыктарын көз жаздымда калтырган жок.

Майып классташына үй куруп берген каракулжалык 20 жылдыктар

© Фото / Откурбек АйтмаматовКара-Кулжа районунун Ленин атындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүрүп кеткендер чогулткан каражатына 1-топтогу майыптыгы бар классташы Өмүрбек Пусуровго үч бөлмөлүү үй куруп беришкен.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжа районунун Ленин атындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүрүп кеткендер чогулткан каражатына 1-топтогу майыптыгы бар классташы Өмүрбек Пусуровго үч бөлмөлүү үй куруп беришкен.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ленин атындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүрүп кеткендер чогулткан каражатына 1-топтогу майыптыгы бар классташы Өмүрбек Пусуровго үч бөлмөлүү үй куруп беришкен.

Эки баланын атасы Пусуров буга чейин ураганы калган эки бөлмөлүү тамда оокат кылчу экен. Жубайы Гүлназ Омокова мындай үйлүү болорун ойлобогонун айтты.

© Фото / Откурбек АйтмаматовКлассташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.

"Жолдошум майып болсо, мындай кычыраган үйдү сала алмак эмеспиз да. Өзүм да балдар менен үйдөмүн, иштебейм. Классташтар там салып берерин айтканда кубанганыбызды айтпаңыз. Балдарыбыз да бөлмөдөн бөлмөгө чуркап, жыргап жатышат. Биз үчүн күтүүсүз белек болду. Классташ балдар там куруп берсе, аяштарым үйүмдү толтуруп идиш-аяктын түрүн, төшөк, эмеректен бери алып беришти. Кубанычыбызга чек жок, баарына ырахмат айтып жатабыз", — деди Омокова.

1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.

1,2 миллион сомдон ашык акчасын мектепке сарптаган 10 жылдыктар

© Фото / Адыл УмаровЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борборундагы Төрөгелди Балтагулов атындагы №1 мектепти 10 жыл мурун бүткөн классташтар мектебине өзгөчө белек камдашкан.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борборундагы Төрөгелди Балтагулов атындагы №1 мектепти 10 жыл мурун бүткөн классташтар мектебине өзгөчө белек камдашкан.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун борборундагы Төрөгелди Балтагулов атындагы №1 мектепти 10 жыл мурун бүткөн классташтар мектебине өзгөчө белек камдашкан.

Бүтүрүүчүлөрдүн бири, айылдык кеңештин депутаты Адыл Умаровдун айтымында, классташтар жылдыкка деп чогулткан 1,2 миллион сомун билим алган жайынын инфраструктурасына жумшашкан.

© Фото / Адыл УмаровБүтүрүүчүлөр мектебинин терезелерин толугу менен жаңыртып, пластик терезеге алмаштырышкан.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Бүтүрүүчүлөр мектебинин терезелерин толугу менен жаңыртып, пластик терезеге алмаштырышкан.

"Мектеп 450 балага ылайыкташылып салынган, азыркы учурда 1500дөн ашык окуучу билим алат. Мектептин терезелери эски, кире беришиндеги тепкичи да жарактан чыгып калган. Ушул нерселердин баарын эске алып, балдар бир жыл мурун чогулуп, 25-майга чейин бардык жумуштарды бүтүргөнгө аракет кылдык. Пластик терезе коюп, дарбазаны жаңырттык. Ошондой эле тепкичти кайрадан куйдуруп "Тарыхый инсандар тепкичи" деп атап, ал жер 25-майда ачылды. Тепкич 40-50 жылдан бери оңдоло элек эле, ата-эне, балдар, мугалимдерге ыңгайсыз болчу", — деди Умаров.

Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр айылдагы балдарга ар түрдүү спорттук мелдештерди өткөрүшкөн. Умаров мектепти оңдоп-түзөө иштерине чет өлкөдө иштеген мигрант балдардын салымы зор экенин, каражатты аябай салып турушканын баса белгиледи.

Турмушу оор үй-бүлөгө там салып берген бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылынын Тойгомбай Кошматов атындагы №6 орто мектебинин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү айылдагы жашоо-шарты начар, жардамга муктаж Жээнбү Мамаеванын үй-бүлөсүнө сооп иш жасоону эп көрүшкөн.

© Фото / Чынгыз ЫсмаиловЖалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылынын 20 жылдыктары элеттеги турмуш-шарты начар, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары майып болгон бүлөгө беш бөлмөлүү там салып беришкен.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылынын 20 жылдыктары элеттеги турмуш-шарты начар, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары майып болгон бүлөгө беш бөлмөлүү там салып беришкен.

Мамаеванын жолдошу, балдарынын баары 1-2-топтогу майыптар. Бүтүрүүчүлөрдүн бири Чыңгыз Ысмаилов бул үй-бүлөнүн тамы авариялык абалга келип калганын айтты.

"Үй 1986-жылдары цемент жок маалда салынган экен. Аны толугу менен бузуп, жаңы салып бердик. Классташ балдар ортого акча чыгардык. Москвада иштеп жүргөн мигрант балдар айрым курулуш материалдарды ошол жактан салып жатты, колу билгендер бул жактан курдук. Бир миллион сомго чукул каражат кетти окшойт. Ашыкча шаан-шөкөттүн ордуна кайрымдуулук иш кылууну чечтик. Анын үстүнө бул бүлөнүн мүчөлөрүнүн баары майып", — деди Ысмаилов.

Классташтар Мамаеваны бала-чакасы менен жаңы үйүнө 25-май күнү киргизишкен.

Көчөгө жарык берген классташтар

© Фото / Аида МамбетиминоваАт-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 20 жылдыктары Ача-Кайыңды айылы менен Ат-Башы районун байланыштырып турган жолго 35 шам чырак орнотушкан.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын 20 жылдыктары Ача-Кайыңды айылы менен Ат-Башы районун байланыштырып турган жолго 35 шам чырак орнотушкан.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебин 1999-жылы бүтүргөн классташтар Ача-Кайыңды айылы менен Ат-Башы районун байланыштырып турган жолду жарыктандырышкан. 20 жылдыктар 800 метр аралык жерге 35 шам чырак орнотушту. Бүтүрүүчүлөр, мындан сырткары, ФАП, бала бакча жана мектепке заманбап эмеректерди да тартуулашканын кошумчалашты.

Айылдын көркүн ачкан стела

© Фото / Жумалы Байгазы уулуАт-Башынын Калинин айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүсү Бектур Абдыкадыр уулу айылынын кире бериш жерине баасы 450 миң сомдук "Калинин" деп жазылган стела орноткон.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башынын Калинин айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүсү Бектур Абдыкадыр уулу айылынын кире бериш жерине баасы 450 миң сомдук "Калинин" деп жазылган стела орноткон.

Ушул эле райондун Калинин айылынын Токтомуш Адыраңов атындагы орто мектебин 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчү Бектур Абдыкадыр уулу айылынын кире бериш жерине баасы 450 миң сомдук "Калинин" деп жазылган стела орноткон.

Бөбөктөргө керебет белек кылган 10 жылдыктар

© Фото / Бегайым ТалантбековаТүптөгү Өмүр баатыр атындагы №14 орто мектебинин 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрү айылдагы бакчага эки орундуу 15 керебет белек кылышканын айтты.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Түптөгү Өмүр баатыр атындагы №14 орто мектебинин 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрү айылдагы бакчага эки орундуу 15 керебет белек кылышканын айтты.

Түп районунун Жылуу-Булак айылынын Өмүр баатыр атындагы №14 орто мектебинин 2009-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн белеги да өзгөчө болду. Классташ балдар бул ирет мектепке эмес, бала бакчага көңүл бурууну туура көрүп, айылдын "Аянур" деп аталган бакчасына эки орундуу 15 даана керебет сатып беришкен.

Класс жетекчисине унаа белек кылган бүтүрүүчү

Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын Чодошов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөн окуучу Адилет Кошоев класс жетекчиси Касиет Исаковага Toyota үлгүсүндөгү унаанын ачкычын белек кылган.

© Фото / Адилет КошоевТоктогул районунун Өзгөрүш айылынын Чодошов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөн окуучу Адилет Кошоев класс жетекчиси Касиет Исаковага Toyota үлгүсүндөгү унаанын ачкычын белек кылган.
Муктаждарга үй салып, мектебин оңдоп... 10, 20 жылдыктардын саамалыгы - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын Чодошов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөн окуучу Адилет Кошоев класс жетекчиси Касиет Исаковага Toyota үлгүсүндөгү унаанын ачкычын белек кылган.

Касиет Исакова 20 жыл мурун уядан учурган балдарын көрүп сүйүнүп, бакытка балкып жатканын жашырган жок.

"Мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип 45 жыл иштеп, былтыр ден соолугума байланыштуу пенсияга чыккам. Балдарымды көрүп алып аябай сүйүнүп жатам. Унаа да мен үчүн күтүүсүз белек болду", — деди Исакова.

Sputnik Кыргызстан агенттиги былтыр да айылы, мектеби, муктаж адамдар үчүн пайдалуу иштерди жасаган 10, 20 жылдыктардын иши тууралуу макала жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0