Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова. Архив

Депутат: Ат-Башы району боюнча инфекционист, кардиолог, педиатр жок

99
(жаңыланган 12:45 30.05.2019)
Эл өкүлү райондук оорукананын абалы абдан начар экенин айтып, тезинен чара көрүүгө чакырды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова Ат-Башы районундагы саламаттык сактоо мекемелеринин абалы начар экенин айтып, адистердин жетишпей жатканы олуттуу маселеге айланганын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү "дени сак улут, өнүгүп жаткан мамлекет" деп мактанып жатканыбыз менен иш жүзүндө бардыгы таптакыр башка экенин белгиледи.

"Аймактардагы медицина имараттары менен элдин саламаттыгы көңүл сыртында калып жатат. Мисалы, Ат-Башы райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборуна барып көргүлө. 1984-жылы курулган имараттын полу чирип түшүп калган. Анын айынан кызматкерлердин буту да сынды. Чатыры эскирип, үстүнөн тамчы агат", — деди Мусабекова.

Депутат ошондой эле аталган медициналык имараттарды оңдоо үчүн финансы министринин орун басарынын "каражат жок, мүмкүнчүлүк жок" деп расмий түрдө жооп бергенине нааразы болду.

"Качан каражат болот? Элди эпидемия каптагандабы? Ошондо гана аракет кылабызбы? Андан сырткары, Ат-Башы райондук ооруканасында инфекционист, кардиолог, неонатолог, педиатр жок. Бул жерге жаштар айлыгы аз деп келбей жатат. Окууну бүткөн жаштар Ат-Башыга басып баргысы келбейт. Анткени 9 ай катуу суук болот", — деди депутат.

Мусабекова өз сөзүндө райондук оорукананын канализация маселеси курч экенин айтып, андан чыккан саркынды сууларды 1983-жылы чыккан ГАЗ-53 автоунаасы тейлерин айтты.

"Ал да калдырап жүрбөй калган. Аны эптеп оңдоп алып саркынды сууларды сордуруп тазалап жатышат. Ал бузулуп калса, бул жерде чатак чыгып кетиши мүмкүн", — деп депутат өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаевге кайрылды.

Эл өкүлү, андан сырткары, министр шайланар алдында аймактарды кыдырып абал менен таанышам деп сөз бергенин, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасабай жатканын сынга алды.

99
Белгилер:
оорукана, Жылдыз Мусабекова, медицина, Ат-Башы
Тема боюнча
Балыкчыда бойдон түшүрүүчү дары сатууга айыпталган дарыгер иштен айдалды