МГУ филиалынын ушу кезге чейин ачылбай келген себеби белгилүү болду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСмотровая площадка в "Лужниках"
Смотровая площадка в Лужниках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин МГУнун жетекчилиги Кыргызстанда филиалын ачуу боюнча алты жолу макулдук бергенин, бирок ал колдоо таппаганын билдирген болчу.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин (МГУ) филиалы жер жок деген шылтоо менен ачылбай келгенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Учурда парламентте өкмөттүк саат өтүп жатат. Ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөттүн өкүлдөрү келип, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

"Маалымат алсак, МГУнун филиалы "жер жок" деген шылтоо менен ачылбай келген экен. Азыр жер таптыңарбы?" — деп Бакиров билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: МГУнун филиалын ачуу сунушунун таржымалын иликтөө керек
Министрдин орун басары бул боюнча иштер жүрүп жатканын жана депутаттарга жазуу түрүндө бардык багыт боюнча маалымат берилерин айтты.

Депутат Бакиров дагы бир жолу: "Филиалдын буга чейин ачылбай келгенине эмне тоскоолдук болгон?" - деп суроосун кайталады.

Өз кезегинде Жусупбекова ал жогорку окуу жайлардын маселесин тескебей турганын айтты.

"Сизге ал боюнча анилизи менен толук түрдө эмнеге кармалып турганы боюнча маалымат берейин", — деп жооп кайтарды ал.

Эске салсак, 27-мартта Бишкекте өткөн ректорлордун форумунда МГУнун башчысы Виктор Садовничий университеттин филиалын Кыргызстанда ачуу үчүн алты жолу макулдугун бергенин билдирген.

Бирок сунуш кыргыз тараптан колдоо тапкан эмес. Коомдо бул маселе талкууга алына баштаганда президент Сооронбай Жээнбеков аны жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0