Депутат Рыспаев: ооруканага барсаң бүт эле артисттер жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Кожобек Рыспаев
Депутат Жогорку Кенеша Кожобек Рыспаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Кожобек Рыспаев мамлекеттик сыйлыктарды алгандарга бүгүнкү күндө кандай артыкчылыктар каралганына кызыкты.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 2017-жылы кабыл алынган "Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү" мыйзам боюнча көзү өтүп кеткендерге "Эрдиктен" башка мамлекеттик наам берилбейт. Бул тууралуу КР президентинин мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат Кожобек Рыспаев мамлекеттик сыйлыктарды алгандарга азыр кандай артыкчылыктар каралганына кызыккан.

Өз кезегинде Сманбаева мамлекеттик сыйлыктарды алгандарга 2012-жылга чейин түрдүү жеңилдиктер каралып келгенин айтты.

"Эки же андан көп мамлекеттик сыйлык алса, персоналдык пенсияга чыкканга укугу бар болчу. Азыр андай жок. Азыр социалдык багытта иштегендер болсо, мисалы, "Эмгек сиңирген мугалим" деген наам алса, ага 2500 сом кошумча акы төлөнөт. Ал эми "Эл артистин" алгандар театрда иштеп жатса, 5 миң сом кошумча акы алат", — деди ал.

Ата Мекен фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Садык Шер-Нияз: сыйлыкка көрсөтүүчү комиссия саясий куралга айланды
Рыспаев өз кезегинде: "Эмне эле артисттердин баары "Эл артистин" алгысы келет десе, сыры ушундай турбайбы",- деп эмгек сиңирген артисттер өмүр бою адистештирилген ооруканада дарылануга мүмкүнчүлүк алар-албасын сурады.

Сманбаева аларга андай мүмкүнчүлүк каралганын билдирди.

Эл өкүлү: "Ошол да, ооруканага барсаң бүт эле артисттер жүрөт",- деп сөзүн жыйынтыктады.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун экинчи окууга киргизүү үчүн талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0