Бишкекте 1-июндан тарта эки троллейбустун каттамы өзгөрөт

© Фото / Кристина КуманченкоЗакуп новых троллейбусов в Бишкеке
Закуп новых троллейбусов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду оңдоо иштери 15-июнга чейин созулмакчы.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкектеги Жайыл баатыр көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 1-июндан тарта кээ бир троллейбустардын багыты өзгөрөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, №5 троллейбус Ажыбек көчөсү менен "Тунгуч — "Аэрофлот" агенттиги тарапты көздөй каттайт. Ал эми №14 троллейбус "Киркомстром — "Аэрофлот" агенттиги тарапты көздөй багыт алат.

Эске салсак, Жайыл баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Садырбаевге чейинки бөлүгүндө 15-июнга чейин оңдоо иштери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0