"КТ Мобайл" ишканасынын маселесин жабык эшик артында кароо сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым эл өкүлдөрү эгер жыйын жабык эшик артында карала турган болсо, депутаттык комиссиянын курамынан чыгып кетишерин айтышты.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева "КТ Мобайл" ишканасынын айланасында түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынын жабык эшик артында кароону сунуштады. Себеби жыйын учурунда айрым купуя делген маалыматтар айтылышы ыктымал экендигин жүйө келтирди.

Бирок депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев жана Алмамбет Шыкмаматов бул жерде жашыра турчу эч нерсе жок экенин айтып, керек болсо жыйынды "Парламент" радиосу түз алып бериши керектигин белгилешти.

"Эгер жыйынды жабык эшик артында карасак, чечимибиз легитимсиз болуп калат. "Бармак басты, көз кысты" болуп, эл бизге ишенбейт", — деди Шыкмаматов.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев жыйындын биринчи бөлүгүн ачык, экинчи бөлүгүн жабык эшик артында кароону сунуштады.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков коммерциялык сыр менен мамлекеттик сырдын айырмасы бар экенин, жарымын жабык, жарымын ачык кылуунун кажети жоктугун айтты. Себеби бул жердеги маселе эбак эле ачылып калганын билдирди.

"Бул маселе ачылып бүтпөдүбү.  Бекинип алып жыйын өткөрүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Жыйын бүткөндөн кийин силер айтпасаңар да мен айтып коюшум мүмкүн", — деди Момбеков.

MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайлды" ким калкалап жүргөн? MegaCom башчысы Жамангулов агынан жарылды
Талкуу учурунда эл өкүлү Мирлан Жээнчороев эгер жыйын жабык эшик артында карала турган болсо, депутаттык комиссиянын курамынан чыгып кетерин эскертти.

Жыйынтыгында талашып-тартышуудан кийин жыйын ачык жүрмөй болду.

Эске салсак, "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги компаниянын айланасындагы чырдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Аталган компаниядагы иштерди иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0