БИШКЕК, 31-май — Sputnik. MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов учурда айына 200 миң сом айлык аларын "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.
Талкуу учурунда комиссиянын мүчөсү Гүлшат Асылбаева MegaCom компаниясынын жетекчилигине кайрылды.
"Эмне үчүн "КТ Мобайл" компаниясынын жетекчилеринин айлыктары айтылат дагы, силер өзүңөрдүкүн коммерциялык сыр, кат түрүндө беребиз деп жатасыңар. Бул жерде да акыйкаттык болушу керек", — деди депутат.
Өз кезегинде Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясына келгенине 5 айдын жүзү болгонун жана анын айлыгы мурдагы жетекчилердикине караганда бир кыйла азайтылганын билдирди."Көптөгөн техникалык жана IT адистерди башка компаниялар кызыктырып алып кеткенге аракет кылып жатат. 500, 1000 долларга чейин көп айлык беребиз деп чакырып жатышат. Биздин мекемедеги азыркы айлыкты өзүм эле көтөрүп койгонго мыйзам жол бербейт. Каражат таап жаткан компаниянын адистери татыктуу айлык алышы керек", — деди ал.
Жамангулов, андан сырткары, анын бир орун басары бар экенин, ал 165 миң сом маяна аларын билдирди. Ал ошондой эле мисал катары Кыргызстандагы башка эки уюлдук оператордун жетекчилеринин бири 18 миң доллар алса, экинчиси 28 миң доллар айлык аларын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.
"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:
Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;
КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;
Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин бузуп кирген.
Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.
Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү