Кыргызстандагы исламдык диний билим берүүнүн абалын чагылдырган баяндама чыкты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан адам. Архив
Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда бир Ислам университети, тогуз Ислам институту жана 113 медресе катталган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Булан институту Кыргызстандагы исламдык диний билим берүүнү реформалоо аракеттери, андагы жетишкендиктер менен кыйынчылыктар туурасында баяндама жасады.

Анда Кыргызстанда диний билим берүүнү калыптаныш тарыхы, учурдагы исламдык диний окуу жайлардын абалы, окуу программасы жана аларга жаңы коюлуп жаткан талаптар тууралуу кеңири анализ берилген.

Учительница средней школы - Sputnik Кыргызстан
Булан институту: мугалимдердин айлыгы 3,7 эсе көбөйгөнү менен анча акча алышпайт
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин исламий билимге кызыгуу күч алып, медреселер ачыла баштаган. Бирок аларды каттоо, стандартка салуу жана бирдиктүү окуу программасын киргизүүнү ишке ашырган нормалар жана бирдиктүү система жок болгон. 2014-жылы Коопсуздук кеңеште дин маселелери багытындагы мамлекеттик саясат тууралуу концепция кабыл алынып, анда диний билимге көңүл буруу жана сапатын жогорулатуу максаты коюлган. Ошондон бери диний окуу жайларды бир стандартка келтирүү, талапты жогорулатуу жана билим сапатын жакшыртуу аракеттери жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстанда бир ислам университети, тогуз ислам институту жана 113 медресе катталган. Булан институтунун баяндамасында бул окуу жайлардагы көйгөйлөр, окуу программалары, жетишкендиктер жана реформалоого тоскоол болуп жаткан жайгдайлар анализденген.

Баяндама КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, муфтияттын, көз карандысыз эксперттердин, дин аалымдарынын, медресе мүдүрлөрүнүн жана теологдордун берген маалыматтарынын негизинде даярдалган.

Булан институту Кыргызстандагы билим берүү системасы боюнча иш алып барууда. Бишкекте жана Женевада кеңсеси бар. Женевадагы кеңсеси адам укугу жана эл аралык коопсуздук боюнча иш алып барат.

Аталган уюм буга чейин да Кыргызстандагы диний окуу жайларынын, негизинен медреселердеги окуу программалары менен окуу шарттары боюнча баяндама жарыялаган. Кийин орто билим берүү мекемелериндеги окуучулардын батпай жатышын, авариялык абалдагы мектептер, жаңы мектептердин курулуш сапатын анализдеген иликтөө жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0