Улуттук госпиталдын Көз микрохирургиясы борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова

Түндө телефонду көп тиктесе кесепети кандай болот? Офтальмолог Мамытова менен маек

11028
(жаңыланган 17:29 31.05.2019)
Таалайгүл Усенбаева
Телефон, гаджеттерди көп көрүү көзгө зыян экенин баарыбыз билебиз. Ага карабай өзүбүз эле эмес, балдарыбызга да карматып коебуз. Жарым же бир саат эмес, күнү-түнү гаджеттен көзүн албай отурган балдар бар.

Кийин алардын көзүнүн көрүүсү эмне болот? Телефонду көп тиктөө, компьютерде күн бою отуруу көрүү органына канчалык терс таасирин тийгизет? Ушул жана башка суроолорго Улуттук госпиталдын Көз микрохирургиясы борборунун жогорку даражадагы офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова жооп берди. 

Офтальмолог глазной микрохирургии национального госпиталя, кандидат медицинских наук Бактыгуль Мамытова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Бактыгүл Мамытова: кичинекей балдарга, айрыкча, 2-3 жаштагы наристелерге ыйласа эле телефон кармата коюу туура эмес. Анткени алардын көзүнүн булчуңдары али өнүгө элек болот. Рифтогенези өзүнө келе электе жакын кылып алып көрүшөт да, жыйынтыгында булчуңдарга күч келет.

— Азыр бирибизден-бирибиз өтүп телефон тиктеп калбадыкпы. Көзгө зыян экенин билсек да андан чыгуу кыйын. Ошентсе да телефондун көрүү органына тийгизген терс таасири тууралуу айтып бересизби?

— Окумуштуулар гаджет, смартфондордо көп отуруу көз ооруларына алып келерин эбак эле аныкташкан. Ага карабай азыр көзүн аяган киши жок. Телефон, компьютерден чыккан көк түс көздү кургатып жиберет. Норма боюнча бир мүнөттө көздү 18 жолу ирмеш керек. Бирок планшет, телефонду тиктеп отуруп андай кылганды да унутуп калат экенбиз. Мүнөтүнө 3-4 жолу гана ачып-жумган учурда көз кургай баштайт. Бул олуттуу эле оору. Анда көз талып, жаш агып, шамал, ысык-суукту, күндүн нурун такыр эле сүйбөй калат.

Кичинекей балдарга, айрыкча, 2-3 жаштагы наристелерге ыйласа эле телефон кармата коюу туура эмес. Анткени алардын көзүнүн булчуңдары али өнүгө элек болот. Рифтогенези өзүнө келе электе жакын кылып алып көрүшөт да, жыйынтыгында булчуңдарга күч келет. Кийин бала алысты же жакынды көрө албай көз айнек тагынып калат.

Гаджетти канчалык жакын кылып көрсө, көз ошончо бат талыйт. Ошондуктан маал-маалы менен эс алдырып, алысты, ачык өңдөрдү карап турган жакшы.

— Гаджет көп колдонгондор көзүнө кандай көнүгүүлөрдү жасап турганы оң?

— Америкада офтальмологдор дал ушундай гаджет, телефон, компьютер менен көп иштегендерге 20-20-20 деген формула иштеп чыккан. Анда 20 мүнөт компьютерде отургандан кийин 20 секундга көзүн 20 футка алыш керек. 20 фут — алты метр. Көзүн эс алдырам деген адам ар 20 мүнөт сайын алты метр аралыкты 20 секунд карап койсо, көз өзүнө келип калат. 

Кандидат медицинских наук, офтальмолог Бактыгуль Мамытова во время обследования пациента
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Бактыгүл Мамытова: караңгы бөлмөдөн гаджет көргөндөрдүн глаукома дартына кабылуу коркунучу күч. Глаукома — көздүн басымы көтөрүлүп турган оору.

— Кичинекей балдар телефон берем дегенде жебей жаткан тамагын жеп, ыйлап жатса тып басылат. Көрсөтпөй да кое албайсың, айрым энелер балдарын телефон менен алаксытканга аргасыз болушат. Негизи балага бир күндө канча жолу, канча саат смартфон карматса болот?

— Бербей койгондон артыгы жок, бирок андай кылуу кыйын болуп калды. Негизи 7 жашка чейинки курактагы балдарга бир күндө ашып кетсе бир же эки саат телефон көрсөтүү жетиштүү. Эки саат тынбай берип койбой, жарым сааттан эс алдырып туруш керек. Бул убакыттан көп болуп кетсе, көздүн булчуңдары чарчайт. Көрүү органдарынын минусу көбөйүп, көзү чалыр болуп да калышы мүмкүн. Баланын көрүү органдарынын минусун 3кө жеткирбеш керек. Бул учурда дарыгерлер коңгуроо кагып, операция жасоого аргасыз болобуз.

— Жарыкты өчүрүп алып караңгыда компьютер, телефон кароо көзгө канчалык зыян?

— Жарыкты өчүрүп коюп телефон, смартфон тиктегенде карек чоңоюп кетет. Негизи карек булчуңдуу орган. Ал аябай жарык болгондо кичирейип калат. Көздүн ичине жарык көп кирбеш керек. Мындай учурда көздүн тор кабыгы күйүп калат. Мисалы, студия, телевидениеде иштегендер эфирге чыгаарда жалаң жарыктын алдында отурушат эмеспи. Бул да көзгө зыян.

Караңгы бөлмөдөн гаджет көргөндөрдүн глаукома дартына кабылуу коркунучу күч. Глаукома — көздүн басымы көтөрүлүп турган оору. Анын ачык жана жабык бурчтуу деген эки формасы бар. Азияттар көбүнчө жабык формасына кабылат.

Жабык форма болгондо, мисалы, караңгы бөлмөдөн телефон тиктеп отурганда карек кеңейип, бурч толугу менен жабылып калат. Бул учурда дароо приступ башталып кетиши мүмкүн. Көздүн басымы көтөрүлүп, карек кеңейген боюнча токтоп калышы толук ыктымал. Ошондуктан жарык аз жерден смартфонду тиктебей эле койгон оң.

Глаукома дартына кабылбаш үчүн караңгы бөлмөдөн телефон тиктөөдөн сырткары башты салаңдатып алып иш кылганга да болбойт. Себеби эңкейип жумуш кылганда баштын кан тамырларына күч келип, көздүн басымы көтөрүлүп кетиши ыктымал.

Глаукома оорусу менен өтө эмоционалдуу адамдар да бат ооруйт. Нервди эс алдырганды да билиш керек. Кечке эле Асан Кайгыланып, болор-болбоско сарсанаа боло берген адамдардын көз басымы көтөрүлүп, ооруканага көп түшөт. Бул дарт кан кууйт. Ошондуктан, айрыкча, жашы 40тан ашкандар жылына бир же эки жолу келип, көз дарыгеринин көзөмөлүнөн өтүп тургула демекчимин. 

Кандидат медицинских наук, офтальмолог Бактыгуль Мамытова во время обследования пациента
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Бактыгүл Мамытова: глаукома оорусу менен өтө эмоционалдуу адамдар да бат ооруйт. Нервди эс алдырганды да билиш керек. Кечке эле Асан Кайгыланып, болор-болбоско сарсанаа боло берген адамдардын көз басымы көтөрүлүп, ооруканага көп түшөт.

— Линзанын оң, терс жактарын да айта кетесизби?

— Линзаны көбү көз айнектин ордуна тагынышат. Кээ бир кесиптерде көз айнек кийүүгө мүмкүн эмес. Ошол эле актриса же балериналар көрүүсү начар болсо, көз айнектин ордуна линза тагынууга аргасыз. Башкысы аны туура колдонуш керек. Тагыраагы бат-баттан алмаштырып турбаса, ал көздөгү тунук кабыкты жабыркатып коет. Анткени тунук кабык аба менен "тамактанат". Ал эми линза тагынган учурда ага аба кирбей, бара-бара ал жакта кара тактар пайда болот. Кийин ал кетпей да калат. Бир линзасын бир айга чейин алмаштырбай жүргөн адамдар бар. Ал туура эмес, линзаны уктаар алдында сөзсүз чечип коюш керек, дарыгер жазып берген убакытка чейин гана колдонгон туура.

11028
Белгилер:
телефон, маек, офтальмология, көз
Тема боюнча
Аял-эркектин тукумсуздугуна себеп болгон жагдайлар. Гинеколог менен маек
Депутат: менчик клиникадагылар миң долларга чейин айлык алат