Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болду. Балдар тууралуу статистика

© Sputnik / Эмиль СадыровБала жетелеп бараткан аял. Архив
Бала жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети Балдарды коргоо күнүнө карата бир нече фактыларды жарыялады.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу 69 миңге (3 пайызга) көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 2 миллион 381 миң бала жашайт, алардын 51 пайызы эркек балдар. Балдардын басымдуу бөлүгү, атап айтканда 68 пайызы айыл-кыштактарды жердейт.

Ал эми жаш курагы боюнча караганда 7 жашка чейинки балдар 1 миллион 97 миң, 7-14 жаштагылар 988 миң, 15-17 жаштагылар 296 миң экени жазылган.

Кыргызстанда жашаган 18 жашка чейинки балдардын саны
Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болду. Балдар тууралуу статистика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жашаган 18 жашка чейинки балдардын саны

2018-жылы 171 миң ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын 88 миңи эркек балдар, 83 миңи кыздар. Ошондой эле бул жылы нике күбөлүгү жок 37,6 миң эне көз жарганы белгиленет.

Ошол эле учурда 89 миң үй-бүлөнүн 276 миң баласы социалдык жактан коргоого муктаж болуп, жакырчылыкта күн кечирери айтылат.

Мындан сырткары, жетимдер менен ата-энесинен ажыратылган 13,8 бала камкордукка алынган жана балдар үйүнө өткөрүлгөн.

Ата-энесинен ажыраган 18 жашка чейинки балдардын саны
Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болду. Балдар тууралуу статистика - Sputnik Кыргызстан
Ата-энесинен ажыраган 18 жашка чейинки балдардын саны

Специализированный Центр реабилитации детей и семьи (Дом ребенка) в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт менчик бала бакчага барчулардын жарым акчасын төлөмөй болду. Шарты
Ал эми өткөн жылы 2000 бала ата-энесинен ажыраган, алардын 771и томолой жетимдер экени көрсөтүлөт. Ушул эле жылы айрым үй-бүлөлөр 1071 баланы камкордукка алып, 784үн асырап алышкан. Анын ичинен 765ин кыргыз үй-бүлөлөрү алып кетсе, 19 ымыркайды чет элдик жарандар багып алган. Ошондой эле 2000 бала жетим балдар үйүнө өткөрүлгөн.

Азыркы тапта Кыргызстан боюнча 2265 мектепте 1 миллион 268,1 миң окуучу билим алат.

Балдарды коргоо күнү 1-июнда дүйнө боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул майрамдын максаты - балдардын укугун коргоо жана саламаттыгын сактоо керектигин коомчулуктун эсине салуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0