Сооронбай Жээнбеков балдар кандай болуп чоңоюшу керектигин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидентская елка в филармонии в Бишкеке
Президентская елка в филармонии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленүүдө.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Президент балдар калктын аярлуу бөлүгү катары мамлекет тарабынан өзгөчө мамилеге муктаж экенин баса белгилеген.

"Ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо —коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети. Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия — коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек", — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Бала жетелеп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 784 бөбөк жаңы ата-энелүү болду. Балдар тууралуу статистика
Жээнбеков андан сырткары балдардын ар дайым асманы ачык, маанайы жарык болушуна тилектеш экенин билдирген.

"Акылдуу, чынчыл, адептүү, ата-энеңерге кайрымдуу, билимдүү жана мекенчил болуп чоңойгула!" — деди президент.

Кыргызстан 25 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюмунун баланын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0